Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

АК ҮЙДӨГҮ КЫЗМАТТЫК ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР


Бүгүн Кыргызстанда бир топ кадрдык дайындоолор болду. Эң оболу, былтыртан бери бош турган мамлекет катчылык кызмат оордуна буга чейинки вице-премьер-министр Нур уулу Досбол келди. Президенттин дагы башка жардыктарына ылайык, өлкөнүн вице-премьер-министри, Коргоо министри жана коопсуздук кеңешинин катчысы дайындалышты.

Кыргызстандын Мамлекеттик катчылыгына президент өз жардыгы менен Досбол Нур уулун дайындады. Мамлекеттин жаңы “башкы идеологу” жөнүндө “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев айтып берди.



- Нур уулу Досбоолду кыргыз эли жакшы билет. Ал – тарых илимдеринин доктору, көп жыл парламентте депутат болуп турду. Кийин Билим берүү министрлигин жетектеп, андан ары вице-премьер-министр болуп иштеди. Жашы алтымышта – аябай иштей турган чагы. Ошондуктан өтө жакшы чечилген кадрдык маселе болду.

Досбоол Нур уулунун оордуна Жогорку Кеңештеги көпчүлүк орунду ээлеген “Ак Жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова вице-премьер-министр болуп дайындалды. 46 жаштагы Ибраимова соңку жылдары айтылуу АРИС программасынын аткаруучу деректири катары кеңири таанылган. Бирок ал ага чейин эле бир топ тажрыйбалуу эмгек жолун басып өткөн. Убагында Жогорку Кеңеште да, Эсеп палатасында да, мурдагы бийлик тушунда президенттин администрациясында да иштеди, Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунда Кыргызстандын туруктуу өкүлү да болду.



Анткен менен өткөн аптада Элмира Ибраимова парламентте төрага Адахан Мадумаров менен ремонт маселесинин айынан “ит-мышык оюнуна” түшүп, бир топ жаңжалды чыгарышкан. Ошондон бир апта өтпөй жатып, эми Э.Ибраимова вице-премьер-министрликке дайындалып отурушун “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров “күтүлгөн эле кадам” деп атады.

- Муну “Акжол” франкциясынын ичиндеги терс көрүнүштөрдү, бири-бирине болгон карама-каршылыктарды нейтралдаштыруу, элге чыгарбоо максатында жасалган аракет болду десек да болот, - дейт Табылды Акеров.

Ал эми парламенттеги коммунисттик фракциянын өкүлү, депутат Гүлжамал Султаналиева үчүн, тетирисинче, акыркы кадрдык дайындоолор “күтүүсүз окуя” болду. Эми, эгер акыбал өзгөрүлбөй, азыркы турушунда кала берсе, анда Элмира Ибраимовага парламент менен иштешүү татаал болуп калышы ажеп эмес, деп ойлойт Г.Султаналиева.

- Менимче, бул дайындоо Элмира Ибраимованын өзү үчүн анча жакшы эмес болду окшойт. Эгерде жакын арада парламентте эч кандай өзгөрүү болбой, азыркы турумда иштей берсек, анда Элмира Султановнага кыйыныраак болот, а эгерде чоң өзгөрүүлөр болуп кете турган болсо, анда бул “саясий оюн” болду дегенге жатат.

Бирок президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, Элмира Ибраимованын дайындалышын гендердик саясаттын гана аткарылышынын бир мисалы катары караса болот.

- Биздин саясий серепчилер кээде ушинтип, “жумурткадан да кыр издегендей” айта беришет. Бирок президенттин бул жолку аракеттеринин парламенттеги окуялар менен эч кандай тиешеси болгон жок.



Президенттин бүгүнкү жардыгы менен, мындан сырткары, Коргоо министри Исмаил Исаков Коопсуздук Кеңешинин жетекчилигине жылдырылды. Ал эми министрликке генерал-майор Бакытбек Калыев дайындалды. Коопсуздук Кеңешинин буга чейинки катчысы Токон Мамытов президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп дайындалды.

Муну да президенттин маалымат катчысы адаттагы эле кадрдык жаңылануу деп атады

- Армияга реформа керек. Исмаил Исаковичти президент ошол реформанын башына коюп, мынакей Коопсуздук Кеңешинин башына койду. Ал жерге жаш кадрды алып барды. Мунун да парламенттеги окуяларга эч тиешеси жок, - деди “Азатыктын” суроолоруна жооп берген президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев.

Бакытбек Калыев 2006-жылдын күзүнөн тарта Кыргызстандын мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келди. Андан мурдараак мамлекет башчынын жардамчысы болуп жүргөнү да белгилүү. Андыктан, айрым саясатчылар Калыевдин эми Коргоо министрлигинин жетекчилигине келишин президенттин жанында жүргөн айрым “кол балдар” шарттан пайдаланып, “портфель максатын” ишке ашырып алышууда, деп комментарийлеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG