Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

КИЕВ МЭРИН ТАНДОО САРГЫЛТ ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР ҮЧҮН СЫНОО БОЛДУ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Украинада жекшембиде (25-май) Киевдин мэрин жана шаар кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо үчүн добуш берүү өттү. Алдын ала маалыматтарга караганда анда азыркы мэр Леонид Черновецкий украин президенти менен өкмөт башчысы колдогон талапкерлерден көбүрөөк добуш алып, жеңип алды. Украинадагы --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/5288D0CE-9308-4FD4-817F-BE49E9323A0F.asp мөөнөтүнөн мурда шайлоо жыйынтыгы эң кубаттуу саясатчылардын колдоосу деле жеңишти кепил кылбай тургандай. 2010-жылы президенттик шайлоо өтөөрүн эске алганда өлкө бийлиги үчүн бул көңүл жооткоткон жаңылык эмес.

Узакка созулган, өзгөчө кызуу талкуу-талаш менен коштолгон шайлоо өнөктүгүнөн соң Киевдин тургундары жетимишке жакын талапкердин арасынан мэр тандашты. Шаар башчысы кызматы үчүн ат салышкандар ушунчалык көп болгондуктан шайлоо тизмеси бир метрге чейин жетти.

Алдын ала маалыматтарга караганда шайлоодо Леонид Черновецкий отуз жети пайызга жакын добуш алып алдыга чыкты. Черновецкийдин блогу шаардык кеңештин мүчөлөрүн шайлоодо да көбүрөөк добуш топтогон.

Мурунку мэр кайрадан дайындалса өкмөт башчы Юлия Тимошенко үчүн сокку болчудай. Тимошенко Черновецкий туура эмес жер саясатын жүргүздү деп шаар башчылыгы кызматтан кетирүүнү көздөп жаткан. Өкмөт башчы колдогон талапкер Александр Турчинов он тогузга жакын пайыз добуш топтогон.

Серепчилер мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын өкмөт башчы Юлия Тимошенконун жеңилишин көрсөттү деп айтып чыгышты. Украинадагы саясат таанучу Вадим Карасев буларды айтат:

- Киевдеги шайлоо Юлия Тимошенко жана анын блогу үчүн олуттуу психологиялык, символикалык утулуш болду. Шайлоону Тимошенко баштаган. Ал жеңем деп ойлогон. Черновецкийди алып түшүп анын ордуна өз кишисин коюп, шаардык кеңешти кайра түзөм деген. Шайлоодо утулуп калышы көптөгөн шайлоочулар менен саясий элитанын Юлия Тимошенконун саясий дараметинен шек санашына алып келет.

Соңку маалыматтар Киев мэрин шайлоодо 2005-жылы саргылт ыңкылаптан кийин бийликке келген демократтарды колдогон башка талапкерлер деле өтө жакшы ийгилик жарата албаганын көрсөттү.

Бокс боюнча мурунку дүйнө чемпиону Виталий Кличкону шайлоочулардын он сегиз пайызга жакыны колдогон. Президент Виктор Ющенконун союздашы Микола Катеринчук болсо төрт пайыздан ашыгыраак добуш топтогон.

Президент менен өкмөт башчынын ар башка талапкерлерди колдошу Саргыл ыңклаптын катышуучуларынын экиге бөлүнгөнүнүн анык белгиси. Мурунку өнөктөштөрдүн пикир келишпестиги бийликке келгенден кийин Ющенко Тимошенкону премьер-министрлик ызматтан алгандан кийин ого бетет тутанган.

Саясий серепчи Игор Жданов ыңкылапчылар эпке келип бир талапкерди көрсөткөндө жеңишке жетер беле деген оюн билдирет:

- Бул шайлоонун жыйынтыгы Черновецкийди шаар мэри кызматына кайрадан бекитти. Ошол эле убакта демократиялык топтордун эки талапкери Александр Турчинов менен Виталий Кличко экөө биригип Черновецкийден көбүрөөк добуш алды. Бул эмне дегенди билдирет. Бул деген эгер демократиялык күчтөр дымактарын жыйыштырып, жалгыз талапкерди көрсөтсө, Киевдин мэри демократиялык күчтөрдүн өкүлү болмок. Бул жерден саясий ишмерлер дымагын басып, келишимге келгенди, шайлоочулар алдындагы жоопкерчиликти түшүнө билгенди үйрөнүүсү зарыл деген жыйынтык чыгарууга болот.

XS
SM
MD
LG