Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Т.КАКЧЕКЕЕВ: АЗЫРКЫ КАДР САЯСАТЫ – 2010-ЖЫЛГА ДАЯРДЫК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Ак үйдө бир топ кызматтык алмашуулар жана дайындоолор болгону айтылган. Өткөн жылдан бери бош турган мамлекеттик катчы кызматына бекитилген вице-премьер-министр Нур уулу Досболдун ордуна “Ак жол” фракциясынын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Ибраимованын дайындалышы, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгына барган генерал Исаковдун ордуна президенттин мурдагы жардамчысы Бакытбек Калыевдин барышы коомчулукта түрдүү пикирлери жаратууда. Ушул окуялардын тегерегинде “Азаттыкка” саясат талдоочу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/BD7185D4-DE75-4974-AE40-8CBF119C2F2D.asp Токтогул Какчекеев маек куруп берди.

-Токтогул мырза, жогорку бийлик кызматтарындагы кадрдык алмаштыруулар боюнча кандай пикириңиз бар? Анткени кээ бир саясатчылар президенттин бул кадамын туура эмес деп баалап жатышат. Адатта бат-бат жүргүзүлгөн кадрдык алмаштыруулар мамлекеттик өнүгүшкө терс таасирин тийгизет, бүгүн кызматка дайындалган жетекчилер эрте кетүүгө даярданып гана иштейт, деп айтылып жүрөт.

-Эми мындай сөздөр илгертеден бери келе жатат. Анткени беш кол тең эмес, оппозиция өз көз караштарын айта алат, же болбосо кооперативдик кызыкчылыгы бар топтор өз кызыкчылыгын айтышат. Бирок биз конституциялык мамлекетте жашагандан кийин мамлекет башчысы өзүнүн кадрдык саясатын өткөрө берет. Ал өткөргөн сайын нааразычылык чыга берет. Ошондуктан бүгүнкү күндө кандай кадр саясатын өткөрүп жатат, же кандай өзүнүн командасын алып келип жатат – бул эрктүү конституциялык нерсе.

Бирок эки жарым жыл өттү. Мына ошондой кадр саясатынын жана алмашуулардын незигинде биз эмнеге жеттик деген суроо туулат. Мына ошого келгенде кадр саясаты бүгүнкү күндө өзүнүн начар жана калпыстыгын көрсөтүп жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кадр алмаштыруу - бул кезектеги команданын кадр алмаштыруусу.

Өкүнүчтүү нерсе – Исмаил Исаковду Коопсуздук кеңешинин катчысына дайындаганы. Анткени Исмаил Исаков өтө такшалган аскер башчыларынын бири. Тынбай, күжүрмөн иштеген офицерлердин бири. Ошондуктан бүгүнкү күндө коопсуздук маселеси чыгып тургандай кийин, бул киши көп ишти жасады. Мына айта алабыз, бүгүнкү күндө кыргыз армиясы бронетанкалык даярдык, авиациялык даярдык дегендерге киришип калган. Аскер кызматкерлерине үй-жай салына баштаган. Башкача айтканда, аскер даярдыгы, аскер камсыздоосу жана күжүрмөн даярдоосу жолго түшүп калган деп айта алам.

-Демек генерал Исмаил Исаковдун өз тармагында көзгө көрүнүктүү реформаларды жүргүзүп жатканы – бул жалгыз министрдин кылган иши деп айтылып жүргөн, туурабы? Ошол эле учурда анын ордуна мурдараак мамлекет башчынын жардамчысы болуп жүргөн Бакытбек Калыевдин келишин айрым саясатчылар президенттин жанында жүргөн кол балдар шарттан пайдаланып “портфель” максатын ишке ашырып жатышат деп айтылып жатат. Сиз кандай дейсиз?

-Чынында, президенттин өз эрки кимди коерун: жардамчыларыбы, коңшусунбу, же болбосо “Ак жол” партиясынан алып келип коебу. Бул президенттин жеке көз карашы. Стратегиялык келечекти ойлогон ойдон чыккан нерсе деп айтсак болот.

Бирок бүгүнкү күндө эртеңки келечек, эртеңки коогалуу иштер болуп калат деген нерсе болсо, бул адамдар же урушка катышпаган, же көлөмдүү аскер кошундарын башкарбаган адамдар келсе, ал дагы өзүнүн залакасын көрсөтөт деген ойлор бар. Ошондуктан бүгүнкү күндө президент кандай кылбасын, 2010-жылга бара жаткан багыттагы чара көрүүлөр деп айтсак болот.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG