Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Т.САРИЕВ: КАДР САЯСАТЫН ПРЕЗИДЕНТ ТОЛУК ӨЗ КОЛУНА АЛДЫ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Акыйкат үчүн” кыймылы ушул тапта Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9B465E6F-3D16-441E-9A3C-45BED3122103.asp өзгөртүү тууралуу долбоорду талкуулап жатат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна аталган кыймылдын мүчөсү Темир Сариев жооп берди.

-Темир мырза, Кыргызстандын мамлекеттин түзүлүш жана башкаруу системасын өзгөртүү талабы сиздер тараптан азыркы бийликке буга чейин деле бир нече ирээт коюлуп, бирок тийиштүү натыйжага жетпей келген. Силердин бул жолку долбооруңар канчалык деңгээлде ишке ашат деп айта аласыз?

- Коомдук парламенттин акыркы үчүнчү жыйынында анын айрым мүчөлөрүнүн атынан ушундай сунуш болду: күзгө чейин Кыргызстандын негизги өнүгүү багытын аныктайлы. Ошонун ичинде сөзсүз түрдө биринчиден мамлекеттик түзүлүш, бийлик ортосунда тең салмактуулук болмоюнча бизде стабилдүүлүк болбойт жана экономикалык өсүш болбойт деген жыйынтыкка келдик. Ошонун негизинде күзгө чейинки убакытта негизги багыттар жөнүндө концепция иштеп чыксакпы, анын негизги тезистерин элге жарыяласакпы деген сунуш болгон. Биз ошону кечээ күнү талкууладык. Ошонун тегерегинде иштейбиз.

-2006-жылкы ноябрь, өткөн жылкы апрель митингдеринин негизги талабы дал ушул башкаруу системасын өзгөртүү болгон. Оппозициянын коалициялык өкмөт түзүү, бийликти бөлүшүү талаптарын бийлик учурунда көңүлүнө алымыш болгону менен аягында мурдагы эле нугуна түшүп калды. Муну айрым оппозиция өкүлдөрүнүн, ошол эле сиздердин катарда үзөңгүлөш жүргөн адамдардын жогорку кызматтарга коюлганы, бүгүнкү күндө алардын канчалык деңгээлде иштеп жатканы дагы ачыктап тургансыйт. Буга кандай дейсиз?

-Ооба, биздин негизги талап - бул мамлекеттин багыты болчу. Анын ичинде мамлекетте сөзсүз түрдө конституциялык реформа кылып, үйбүлөлүк башкаруудан кетип, бийликке ачыктык, айкындык алып келүү болчу. Алар канчалык ишке ашканын мына заман, убакыт күбө болуп жатат.

2007-жылкы Конституция боюнча референдум абдан чоң бурмалоолор менен өтүп, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтип салды. Мына бүгүн көрүп отурабыз парламент менен өкмөттүн ортосунда талаш жок дейт. Президент менен парламенттин ортосунда талаш жок дейт. Бирок эч кандай өсүш-өнүгүү, кандайдыр бир динамика жок. Жакынкы эле Адахан Мадумаров менен администрациянын жетекчисинин ортосундагы талаш жана Мадумаровдун президенттин дарегине айткан абдан ачуу сөздөрү буга күбө болуп отурат.

Анткени президенттин ыйгарым укуктары абдан кеңейип кетти, бирок жоопкерчилик жок болуп, ошол эле убакытта партиялык система менен келген “Ак жол” парламенти жөн эле добуш берүү машинесине айланып кетти. Ал эми оппозициянын өкүлдөрүбүз деп бийликке барган адамдардын сөзүн өздөрүнө койдук. Убакыт келгенде алар элдин алдында өздөрү жооп берээр.

-Демек мына ушундан кийин деле кайрадан бир ой пайда болуп жатат, канчалык аракет кылып, канчалык күрөш болгону менен баары бир деле аягында натыйжа чыкпай калып жатат деген...

-Чыгат эле, эгерде эрк болуп, чын эле биз ушуга чын дитибиз менен барсак. Бирок тилекке каршы андай болбой жатпайбы. Мен ойлойм, бардык маалымат элге жатпай жатат. Элге толук маалымат жеткенде мындан дагы чоң кыжырданууга алып келет.

-Кечээ мамлекет башчы айрым кадрдык өзгөртүүлөрдү баштаганын жакшы билесиз. Ушундай кадрдык өзгөртүүлөр, мисалы, экономикалык өсүш жагынан эмнеге алып келет?

-Кадрдык саясатты президент толук өзүнүн колуна алып алган. Ошон үчүн ал эч кимдин алдында отчет бербейт. Түшүндүрбөйт, каалаган адамдарды алып, каалаган адамдарын кое берет. Бул президенттин бүгүнкү конституциялык укугу. Бул жакка эмне үчүн Исмаил Исаковду алып, анын ордуна Калыевди алып бардың деп сурай албайт. Бул үчүн бир гана президент өзүнүн алдында жооп берет. Ал эми калган адамдардын алдында эч качан отчет кармабайт. Мына ошон үчүн муну президенттин өзүнүн жасап жаткан иши катары баалайм.

Ал эми бизге азыр туруктуулук керек дейт. Тилекке каршы көп убакыттан бери мүчөлөрүнө сын пикирлер айтылып келе жатат. Анткени ушул өкмөттүн мүчөлөрү, өкмөттүн курамы профессионалдык жагына эмес, жеке президентке берилгендиги менен бааланып, ошонун негизинде гана коюлуп келе жатат. Ошон үчүн бул маселеге азыр кандайдыр бир сын-пикир айтыш дагы кыйын. Анткени ал айткан сөздөн жыйынтык чыкпайт. Президент каалаган убакытта адамдарды алып, каалаган убакытта кое берет.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG