Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

ИРАН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫНАН БАШ ТАРТПАЙТ


Өзөктүк кубат боюнча эларалык агенттиктин Ирандын --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/87b72996-7c9e-435f-b784-8d216780b999.asp ядролук программасына байланышкан отчету АКШнын терс реакциясын жаратты. Вашингтондун мекемедеги өкүлү билдиргендей, Тегеран атомдук тармактагы аракеттерин жаап жашырууда. Иран болсо, тескерисинче, документ өлкөнүн эларалык агенттик менен кызматташып жатканынан кабар берет деп эсептейт.

Отчет көргөзгөндөй, Иран өзөктүк программасына байланыштуу дагы көп түшүндүрмө берүүгө тийиш, - деп билдирди АКШнын Өзөктүк кубат боюнча эларалык агенттиктеги өкүлү Грегори Шалт. Элчи сөз кылган баяндама дүйшөмбү, 26-майда Венада шардана кылынган.

Агенттик белгилегендей, Тегеран атомдук программасына тиешеси болушу ыктымал делинген изилдөөлөр тууралуу маалымат берип турду. Бирок өтө күчтүү жардырууларды сыноо жана ядролук дүрмөттү ракеталарды өркүндөтүүгө багытталган иш-аракеттер “өзгөчө тынчсыздандырат”. Инспекторлорго мекеме сураган атомдук ишканаларга барууга уруксат берилген эмес, - делинет докладда.

Агенттиктин айтымында, Иран анын программасы аскерий максаттарды көздөбөйт деген ырастоолорун бышыкташ үчүн жетиштүү маалымат берүүгө тийиш. Буга чейин Улуттар уюмунун мекемеси Ирандын атомдук программасына байланышкан чырды дипломатиялык жол менен чечүү аракетинде бир нече баяндама жасаган эле. Эсиңиздерге сала кетели, Тегеран ядролук изилдөөлөрү тынчтык мүнөзгө ээ экенин айтып келатат, Батыш болсо Иран өзөктүк бомба жасоого аракеттенүүдө деп айыптоодо.

Кошмо Штаттардын өкүлү Шалт билдиргендей, доклад атомдук программага байланышкан бардык суроолорго жооп бердик деген Ирандын ырастоолоруна караманча каршы келет. Иран агенттиктин текшерүүчүлөрүнө тоскоолдуктарды түзүп, уранды байытуу иштерин улантууда жана муну менен Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузууда, - деп кошумчалады Шалт.

Уран байытуу процесси Батыштын өзгөчө камтамасын жаратууда. Себеби белгилүү бир көлөмдөгү байытылган уранды атомдук курал жасоодо колдонсо болот. Ал эми анын аз көлөмү ядролук станцияларда суюк отун катары пайдаланылат. Тегеран уранды дал ошол тынчтык максаттарында колдоноорун айтып жүрөт.

Отчетто Ирандын «Натанц» атомдук станциясында уран байыткан 3 жарым миң центрифуга иштейт деп айтылат. Агенттик буга чейин белгилегендей, алардын көпчүлүгү эски, 1970-жылдардагы технологиялар боюнча жасалган. Тегеран центрифугалардын саны жакында 6 миңге жеткирилет жана алар жаңы дизайнга ылайык жасалат деп билдирген.

Ирандын агенттиктеги өкүлү Али Асгар Солтание болсо жаңы баяндама Ирандын ядролук программасынын тынч багытын далилдейт деп эсептейт. Ядролук материалдар аскерий максатта колдонбосун отчет айкын көргөздү. Иран уран байытуу программасын уланта берет, - деп билдирди Тегерандын өкүлү.

XS
SM
MD
LG