Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

БУУнун ДОКЛАДЫ ОРУСИЯ-ГРУЗИЯ МАМИЛЕСИН КУРЧУТТУ


Муса Мураталиев, Москва Бириккен Улуттар Уюмунун адистери 20-апрелде Абхазиянын үстүнөн грузиялык айдоочусу жок учуучу учакты атып --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/DDFC0426-E5AB-4F9A-BF86-E23C9B97092E.asp түшүргөн орусиялык аскерий учак болгон деген жыйынтыкка келишкен. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт билдиргенге караганда, БУУнун докладында Абхазиянын аба мейкиндигинен жок кылынган грузиялык чалгынчы учакты орус тарап аткан. Орусия болсо Грузиянын аба мейкиндигин бузуу фактысын четке кагып, учакты абхазиялык күчтөр атып түшүрүштү деген. Бул окуя грузия-орусия алакасын мурдагысынан курчутканын серепчилер айтышууда.

БУУнун адистери чыгарган жыйынтыкта грузиялык чалгынчы учакты атып түшүргөн аскерий учак кийин орусиялык тарапты карай, так айтканда Майкоп-Краснодарды карай кеткени белгиленет. Ошондой эле ал учактын Гудаутыдагы аэродром жактан пайда болгонун жана ал 2800 метр бийиктикте учуп, 12 чакырымдай бери кирип келгенин грузиялык радар жазып алган.

Грузиялык тарап ал тасманы кийин БУУнун эксперттерине берип ошонун негизинде жыйынтык чыгарылган. Москва болсо 20-апрелдеги жаңжалга эч тиешеси жок экенин айтып, муну четке кагууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун жолдомосунда Грузияны да Абхазиянын жеринин үстүнөн чалгын салуусун улантып атканы үчүн жана ал жарашуунун шартын бузаарын белгилеп, сынга алган.

Окуянын жердиги дайын болгондон соң Евробиримдиги кечээ Орусиянын Грузия боюнча түшүндүрмө берүүсүү талап кылган. Грузия-абхаз чыры басыла элек жерде согуштук аракет жасоо себебин түшүндүрүп берүүсүн талап кылып орус бийлигине ырасмий кайрылуу жасаган. Аны Брюсселде, 26-майда Евробиримдиктин тышкы иштер министри Дмитрий Рупел жарыялаган.

Орусиянын коргоо министринин ырасмий өкүлү, полковник Александр Дробышевскийдин айтымында, 20-апрелде өлкөнүн согуштук-аба күчтөрү грузиялык чегарага жакын жерде учуулары болгон эмес:

-Грузиянын чегарасын бузуу, анан да чалгындап жүргөн айдоочусу жок учакты атып түшүрүү боюнча дегеле сөз болушу мүмкүн эмес.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили бул жаңжалга карата мындай пикирин айтат:

-Грузия азыркы учурда кыйын жагдайды башынан өткөрүп атат. Себеби Грузиянын жерине чет элдик армия кирип алды. Аны биз чакырган жокпуз жана анын биздин жерге келишине караманча каршы элек.

Грузиялык саясатчы Ираклий Аласани “өз жеринин абалын текшерип көз салып туруу үчүн чалгын жүргүзүүгө Тблисинин укугу бар”, деп эсептейт.

Азыркы тушта чалгынчы учактардан бешөө атып түшүрүлгөнүн Грузия моюнуна алган, Абхазия болсо атылып түшүрүлгөн учактар жетөө деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG