Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

ТҮНДҮК МУЗ ОКЕАНЫНА ЭЭЛИК КЫЛУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЛДЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Арктиканы бойлой жайгашкан беш мамлекет Түндүк муз океанын бөлүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Гренландиядагы эки күндүк жыйынга Канада, Дания, Норвегия, Орусия жана АКШнын өкүлдөрү катышып жатат. Глобалдык жылуулуктун таасири менен муздун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/20B52F3C-AD2E-4647-BAAA-43394EC07408.asp калың катмарлары ээрип, океан түбүндө жаткан мунай баштаган чийки заттардын мол байлыгына жол ачылчудай. Эми кайсы мамлекет канча үлүштөгү байлыкка ээлик кылаарын чечүү гана калды окшойт.

Гренландиянын Иллулиссат шаарындагы бул жыйын бир караганда кадимкидей, баардык эрежелер менен өтүп жатат. Бирок анын катышуучулары сүйлөшүү оор болоорун, Түндүк муз океанын оңой-олтоң эле бөлүп алышпасын билишет.

Маалыматтарга караганда Арктикада алына элек мунай жана газ дүйнөлүк запасынын төрттөн бир бөлүгү жатат. Ушундан улам ар бир өлкө мүмкүн болушунча өзүнө көбүрөөк өөнөп алгысы келет.

Даниянын тышкы иштер министри бул жыйынга эгер океан муздан бошосо аны колдонуунун жалпы эрежесин азыр иштеп чыгуу үчүн чогулушканын айтты. Пер Стиг Меллер чийки заттар үчүн жапайы күрөш болбошу керектигин ишара кылды.

Дания өкүлүнүн минтип айтканын деле түшүнүүгө болоор. Анткени былтыр Орусия Түндүк уюлга экспедиция жиберип, океан түбүнө мамлекеттик желегин тагып кайткан эле.

Канаданын тышкы иштер министри Питер Маккей азыр кайсы бир мамлекет бара калып, желек тагып, аймакты бөлүштүрө калган басып алуучулук доран өттү деген пикирде:

- Канаданын Арктикада үлүшү бар экенине эч кимдин шеги жок. Биз муну айкын эле айтабыз. Биз илгери эле, бул - канадалык суу, бул Канаданын менчиги деп аныктап алганбыз.

Эми минтип аныктап алуу менен эле иш бүтчүдөй эмес.

Эл аралык келишимге ылайык ар бир мамлекет өз жээгинен эки жүз чакырымга созулган деңиз мухитине ээлик кылууга укугу бар. Бирок бул эреже шельф деп аталган жээкке жакын деңиз түбүнө тарабайт.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ушул жумада расмий Москва Түндүк уюлга желек тагып, ал аймакты ээлеп алууну көздөгөн эмес деп билдирди. Лавров ошол эле учурда Орусиянын максаты Түндүк уюлдагы үлүшүн далилдөө болгонун ырастаган:

- Ал экспедициянын максаты Орусиянын укугун орнотуу эмес, биздин шельф Түндүк уюлга чейин созулаарын далилдөө болгон. Бул үчүн атайын илимий ыкмалар бар. Түндүк уюлда деңиз түбүнө батискаф менен түшүү максатыбызга жетүүгө кошумча илимий далил алууга мүмкүнчүлүк берет.

Арктиканы тезирээк бөлүп алуу аракеттери мунай, газдын дүйнөлүк баасынын кымбатташы менен эле эмес, климаттын өзгөрүшү менен Арктикадагы муздар ээрип, шарты катаал аймакты иликтеп изилдөө жеңилдей баштаганы менен да жанданды.

XS
SM
MD
LG