Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

МАККЕЙН ОРУСИЯ МЕНЕН ӨЗӨКТҮК КУРАЛСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА ИШТЕРИН УБАДА КЫЛДЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага АКШда республикачылардан президенттикке талапкер --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/AD0331F5-9FE0-4766-9650-4FF25EC00299.asp Жон Маккейн тышкы саясат боюнча планын ачыктады. Сенатор Маккейн, эгер президент болуп калса, өзөктүк куралсыздандыруу боюнча Орусия менен жакындан иштешээрин убада кылды.

Маккейн Орусия менен Кошмо Штаттары бири-биринен дале кескин айырмаланып турганы менен, бул эки өлкө эми айыгышкан душмандардан эмес деди:

-Бизде, дүйнөдөгү өзөктүк куралы көп эки мамлекетте, куралдардын санын азайтуу боюнча атайын жоокерчилик бар. Менимче биз өзөктүк кубатыбызды мүмкүн болушунча азайтышыбыз керек. Орусиядагы куралданууну көзөмөлдөө үчүн жаңы келишим түзүү керек.

Маккейндин бул сунушу өзөктүк курал боюнча мындай ойлорду айтпаган азыркы президент Жор Буштун саясатынан кескин айырмаланып турат.

Маккейн республикачылардан чыккан мурунку президент Рональд Рейган сымал дүйнөнү өзөктүк куралдан эркин кылууга умтулуу анын улуу максаты экенин билдирди:

-Жыйырма жылдай мурун кансыз согуш эле бүткөн. Эми ядролук куралдын санын азайтууга чара көрүү маалы келди.

2009-жылы мөөнөтү бүтчү Куралды азайтуу боюнча стратегиялык келишимдин ордуна АКШ Орусия менен жаңы макулдашууга жетиши керек, деди Маккейн. Республикачыл сенатор Орусия менен Кошмо Штаттары Европада өзөктүк куралданууну азайтуу жолдорун издеши зарылдыгын кошумчалады.

АКШ президенттигине ат салышып жаткан Жон Маккейн Американын Чехияда орнотуп жаткан ракетадан коргонуу радарына Орусияны көндүрүп, ынандыруу керектигин да айтып өттү.

Маккейндин сөзү АКШдан Ирактагы согушту токтотууну талап кылган нааразылык чаранын катышуучулары тарабынан бир канча жолу үзгүлтүккө учурады. Маккейн аларга мындай деди:

-Достор, мен Ирак тууралуу ойлорумдан такыр кайтпайм

Маккейн Иран да өзөктүк программасы менен дүйнөгө чоң коркунуч жаратып жатканын белгиледи. Ал Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын жөөтөрдүн өлкөсү Израилди жер менен жексен кылуу тууралуу айткандарын эске салды.

Демократтар партиясынын президенттикке эки талапкери Хиллари Клинтон менен Барак Обама да өзөктүк куралдан оолак турган дүйнөнү кубаттап келишет.

XS
SM
MD
LG