“Ак жол” фракциясынын жабык эшик артында өткөн жыйынына 62 депутат катышып, бир гана маселе - спикер Мадумаровдун жүрүм-турум тартиби жөнүндөгү маселени талкуулашты. Эки саатка созулган жыйындан кийин Адахан Мадумаров кызматтан кетүү чечиминин себебин:
- Эгер төраганын ишине кандайдыр бир күмөн саноолор болсо жигиттик чечимге барыш керек да аягына чыгыш керек. Мен өзүм ушундай чечим кабыл алдым, - деп түшүндүрдү.
Мадумаров спикерликтен гана эмес, депутаттыктан да баш тартаарын билдирип, мындай кадамга баруусуна “Ак жол” партиясынын төрагасы - президент Курманбек Бакиевдин чечими негиз бергендигин кошумчалады. Андан тышкары партиядан кетээр-кетпесин бир күндө чечээрин:
- Аны мен бүгүн чечем, - деп билдирди.
Ага чейин парламенттин этика жана регламент комитети спикер Адахан Мадумаровдун иш тартиби боюнча 3 депутат “Ак жол” фракциясынын мурдагы лидери Элмира Ибраимова, Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиева жана “акжолчу” депутат Кубанычбек Исабеков берген кайрылууну анын катышуусуз, бирок макулдугу менен караган болчу.
Жыйынтыгында Мадумаров 22-майдагы жыйын учурунда Элмира Ибраимова, Галина Куликова, Зайнидин Курманов, Орзубек Назаров, Исхак Масалиев, Максат Кунакунов жана Аскарбек Шадиевдин сөздөрүнө түшүндүрмө берип, “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова менен депутат Аскарбек Шадиевди маскаралаган сөздөрдү айткан жана мыйзамдарды кабыл алуу эрежесин бузган деген чечимге келген жана бул маселе бардык фракциялардын талкуусунан кийин жалпы парламентте каралсын деп сунуштаган болчу.
Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиевдин баамында, комитеттин мындай чечим кабыл алуусуна мурдатан эле негиздер бар болчу:
- Мурда мен айткан каталарды “Ак жол” фракциясы эми “туура, спикерди тандоодон ката кеткен” деп мойнуна алып жатат. Кезинде мен канча жолу безилдеп, мыйзам, Конституция бузулуп жатат, чечимдерди мындай кабыл албаш керек деп айтчу элем. Бүгүн мен көп жолу айткан сөздөр туура деп табылып жатат.
Ал эми депутаттар арасында жана коомдо президент менен спикердин ортосунда өз ара ырк келишпөөчүлүктү пайда кылууну максат кылган адамдардын аракетинен улам ушундай кырдаал түзүлдү деген пикир күчтүү.
“Ак жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуевдун айтымында, ошол адамдар “Ак жол” фракциясынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова менен спикер Адахан Мадумаровдун жеке пикир келишпестигин өтө эпчилдик менен колдонушту деген бүтүм чыгарса болот. Бирок “Ак жол” фракциясы президенттин чечими менен эмес, партиянын саясий кеңешинин чечиминен кийин Мадумаровдун билдирүүсүн кабыл алды дейт Бегалы Наргозуев:
- Президент ушундай чечимге келди деп жатат. Бизге болсо партиянын саясий кеңешинин президиумунун чечими деп жазылган кагаз келди. Бирок бүгүн Адахан Мадумаров президент менен жолугуп сүйлөшүптүр. Президент төрагалыктан кетсең дагы депутат болуп иштей бер, баягы эле саясий салмагың кала берет деген насаатын айткан экен. Ошондон улам мен кандай чечимге келдиңиз деп суроо берсем “Жок, мен депутаттыктан да кетем, кала албайм” деп айтты.
Айрым саясат талдоочулардын баамында, парламентте ушундай окуянын болушуна Адахан Мадумаровдун жеке мүнөзү катуу өбөлгө болду. Бирок эң башкы себеп “Ак жол” партиясынын жетиле электиги болду дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:
- Жасалма түзүлгөн коомдук уюмдар ушундай туруксуз болот. Артында социалдык тирек жок. Анткени, булар бир идея менен бириккен жок. Алардын эң башкы максаты эле парламентке жана бийликке келиш болчу. Ал максат аткарылды. Максат аткарылгандан кийин туруксуздук башталып, өз ич ара кызыкчылыктарына жараша бөлүнө башташты. Ушундай жыйынтык болорун биз мурда эле күткөнбүз.