Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТӨРАГАЛЫГЫНА АЙТИБАЙ ТАГАЕВ КӨРСӨТҮЛДҮ


“Ак жол” фракциясы төрагалыкка --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/7B80B166-8EE9-4AF2-8E78-7CE8A983A176.asp Айтибай Тагаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул боюнча фракция чечимин фракция башчысы Азиз Турсункулов окуп берди. Анын талапкерлигин Коммунисттер фракциясы да колдой турганын фракциянын өкүлү Бейшебек Акунов билдирди. Парламентте азыр бул талапкерге добуш берүү процедурасы башталганы турат.

Талапкерлиги көрсөтүлгөн соң Айтибай Тагаев депутаттардын алдына чыгып, үч фракция менен да жолугушуп келгенин, чынында төрагалыкка көрсөтүлүшү күтүүсүз болгонун айтып, ишеним көрсөткөнү үчүн президентке жана “Ак жол” партиясынын саясий кеңешине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал 90 депутатты бөлбөй, бардык фракциялар менен бирдей иштешээрин, алдыда экономикалык бир катар мыйзамдарды кароо зарылдыгы турганын, алар убагында кабыл алса парламент элге кыйла жардам бермектигин белгиледи. Талапкерге депутаттар тарабынан эч кандай суроо берилген жок.

Айрым депутаттар президент тарабынан Айтибай Тагаевдин талапкерлиги сунушталганына таң калып жатышканын журналисттерге билдиришкен. СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов Ак үйдүн таасири менен ушундай иш болуп жатканын, бул келечекте терс таасирин тийгизээрин айтканын парламентте жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Айтибай Тагаев 1958-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Эскиноокат айылында туулган. Мурдагы чакырылыштагы парламент депутаты болгон. 2007-жылдан бери “Ак жол” партиясынын мүчөсү.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG