Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

РОЗА ОТУНБАЕВА: “СПИКЕР ДЕГЕН ТҮШҮНҮКТҮН КУНУ КЕТТИ”


Жогорку Кеңештин төрагасынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/06752DDA-7A90-4740-9FE4-C3283399D621.ASP алмашуусу коомдук-саясий чөйрө талкуулап жаткан башкы окуя болууда. “Азаттыктын” сурамжылоосуна караганда, бул саясий окуяга саясатчылар менен талдоочулардын берген баалары бир кылка эмес.

Эң башкысы - “Ак жол” фракциясынан төрага болуш ыктымалдыгы бар деп аталып жаткан Автандил Арабаев, Зайнидин Курманов, Чолпон Баекова өңдүү жоон топ таасирдүү депутаттардын бири да талапкердикке көрсөтүлгөн жок. “Ак жол” партиясынын лидери, президент Курманбек Бакиев Айтибай Тагаевди төрагалыкка сунуштады. Айтибай Тагаевдин ысымы буга чейин чоң саясатта кенен-чонон аталган эмес. Ага жараша “Ак жол” фракциясынан башка саясий чөйрө үчүн Тагаевдин төрага болушу күтүүсүз болду.

Мурдагы жана кийинки парламенттеги кесиптештеринин кыйласы Тагаевди байкалбаган депутаттардын катарында белгилешти. Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Роза Отунбаева, маселен, анын үнүн укканын “Азаттыкка” интервью берип жатып эстеди:

- А кишинин үнүн бир жолу угуп калдым. Мына жарым жылдан бери Кыргызстан үчүн канча орчундуу, жүйөөлүү маселелер каралып, “согушуп” атабыз. Ошолор боюнча бир үнү чыккан эмес. Мен таң калам.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков Айтибай Тагаевди иштерман саясатчылардын катарында санайт. Төрагалыкка тилинен чаң чыккандарды гана коюу керек деген чеки түшүнүк, дейт:

- Айтибай оппозицияны да, позицияны да канагаттандырат деп ойлойм. Сөзсүз эле тилинен чаң чыккан бирөө болуш зарыл эмес.

Ошол эле мезгилде Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева Жогорку Кеңешке аты белгисиз, саясий жүк көтөрүмү жок, бейтааныш саясатчы келди деп, муну мамлекеттик кызматтардын куну кетип жаткандыгынын бир көрүнүшү катары баалады:

- Спикер деген түшүнүктөр толук девальвация болду деп эсептейм. Анткени, мындай чоң позицияларда кайсы өлкө болбосун, такшалган саясатчы, элге белгилүү адамдар болот.

Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, маселен, жаңы төраганы Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, кызылкыялык ишкер катары гана билет. Саясий чөйрөдө анча дымагы жок депутаттын төрага катары тандалышы - бийликтин муктаждыгы, дейт экс-спикер:

- Ошондой дымагы жок, элге белгисиз, айтканы-айткандай, дегени-дегендей аткарыла турган – түштүктө, чыгышта “ляппай” деп коет – демек, Адахан сыяктуу күчтүү дымагы жок адам керек болуп, ошону шайлашты деп ачык эле айтыш керек.

Абдыганы Эркебаев мурдагы төрага Адахан Мадумаровдун кызматтан кетишин анын бийликке ыңгайсыздыгынан да, сабырдуу боло албаганынан да көрөт. Ошол эле мезгилде ал Мадумаровду бийлик дагы, оппозиция дагы өз катарына тартуу аракетин кыла турган таасири бар саясатчы дейт.

Саясат таануучу Нур Омаровдун пикиринде, Мадумаровдун саясий келечегин чынында эле ар башка жоромолдоого болот:

-Ал депутат болуп калгысы келбейт, менимче. Президент анын чыңалуусун басып, тынчтандыруу үчүн бийик даражадагы мамлекеттик кызмат сунуш кылат болушу керек.

Акыркы маалыматтарга караганда, Адахан Мадумаров депутаттык ишин улантуу же улантпоо жагын ойлонуштуруп жатат. Бирок белгилүү жагы: ал оппозицияга кетпейт. Ал эми жаңы төрага Айтибай Тагаев “Азаттыкка” берген алгачкы маегинде “Ак жол” партиясынын башчысы Курманбек Бакиевдин ишенимин актоого аракет кыларын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG