Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖЕТЕКЧИСИН АЛМАШТЫРДЫ


Бүгүн Кыргызстанда парламенттин спикери --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/E287809B-5462-4461-87B9-411971FDF091.ASP алмашты. Төраганын алмашышына Адахан Мадумаровдун айланасындагы жаңжалдуу “ремонт маселеси” себеп болду окшойт. Парламентти оңдойм деген Мадумаровдун ниети колдоо таппай калганда, өжөрдүгүнөн баш тарта албаган экс-төрага чечкиндүү кадамга барууну эп көрдү. Акыр аягында аны президент да колдобой койгондон кийин, Жогорку Кеңеште басымдуу орунду ээлеген “Ак жол” фракциясы төрагалыкка буга чейин көпчүлүккө белгисиз Айтибай Тагаевди алып келди. Адахан Мадумаров болсо парламентке да, президентке да таарынган өңдүү.

- Жалпы Кыргызстандын элинен кечирим сурайм. Кандайдыр бир үмүт арткан болсо, ошол үмүт акталбай калгандыгы үчүн мен элден кечирим сурайм. Кандайдыр бир себептер менен элдин үмүтү акталбай калса, ошого себепкер - мен. Ошондуктан мен жалпы Кыргызстандын элинин алдында таазим этип кечирим сурайм.

Спикерликтен кетип жатып, Адахан Мадумаров “Азаттыктын” суроолоруна ушинтип каргылдангандай үнү менен жооп берип жатты. Дал ушул учурда ал эмнегедир “бийлик” деген эмне экени тууралуу ой жүгүртүүнү туура көрдү окшойт.

- Эң чоң бийлик - эл карап жүргөн жүзүң жер карабаса, ошол бийлик. Эл ар дайым сени менен жылуу маанайда учурашып, амандашып, ички жан-дүйнө сезимдерин айтып турган болсо, ошол бийлик, - деди Адахан Мадумаров.

Бүгүн парламентте анын төрага катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жабык жыйын өттү. Анда депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен А.Мадумаровдун кызматтан кетүү тууралуу арызы канааттандырылды. Ал эми парламенттеги эң чоң “Ак жол” фракциясы төрагалыкка буга чейин саясий сахнада аты угула элек Айтибай Тагаевди алып келди. Жаңы спикер алгачкы эле сөзүндө басымды парламенттеги ынтымакка, биримдикке бураарын белгиледи.

- Мен үчүн бул күтүүсүз окуя десем да жаңылбайм. Менин оюм – биз, 90 депутат, бир атанын же бир эненин баласындай биримдикте болушубуз керек. Буга чейин болбогон сөздөр айтылып, абалды саясатташтырдык. Мен үчүн баарыңыздар, “Ак жол”, коммунисттер жана СДП фракциялары, - бирдейсиздер. Мен баарыңыздар менен биргеликте чогуу иштейм.

Ушинтип, төрагалык кызматка ынтымак сөзү менен киришкен Айтибай Тагаев буга чейин анча белгилүү эмес эле. Саясат таануучу Шайырбек Жороевдун айтымында, президент спикерликке саясий “дөөнү” койбогону мамлекет башчысына чындап эле “башкарылма парламент” керек деген ойду бекемдегенсийт.

- Менимче, А.Тагаев, А.Мадумаровго караганда, президент тарабынан жакшыраак башкарыла турган төрага болот. Акыркы мезгилдердеги окуялардын баары, негизи, ушуга бараткан. Шайлоодон кийин “Ак жол” фракциясынын тизмесин А.Мадумаров, Э.Ибраимова өңдүү саясатта өз орду бар, салмактуу саясатчылар түзүшкөн. Эми алар кеткенден кийин, парламентте калгандардын эркиндиги, көз карандысыздыгы азыраак болот.

Бирок жаңы төрага президенттен көз карандысыз иш жүргүзө алам деп ишенет. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Айтибай Тагаев: “Президент парламентти өзүнчө бийликтин бутагы катары тааный турганын ырастаган”, - деп айтты.

Иштен кеткен А.Мадумаровдун мындан аркы тагдыры азыр көпчүлүктү кызыктырып турат. Адахан мырза өзү оппозицияга кетпей турганын билдирди, депутаттыктан да кетер-кетпеши тууралуу жакын арада кошумча маалымдай турганын айтты. Аналитик Шайыр Жороев спикердин кетишине чын эле парламентти ремонттоо маселеси себеп болду дегенге кошулбайт.

- Менимче, А.Мадумаровдун спикерликтен кетишинин чыныгы себеби парламенттеги бир топ саясий топтордун ортосундагы жарыш менен байланыштуу болду. Мадумаров ошол топтордун бирөөндө эң активдүү “оюнчулардан” эле. Анын кызыл кандуулугу жөн гана шылтоо болду деп ойлойм, балким, бул анын саясий тажрыйбасынын аздыгынан болгондур. Чыныгы себеп тереңирээкте жатат.

Мадумаровдун саясий ишмердүүлүгү азырынча токтой элек жана ал дагы көпкө таасирдүү саясатчылардан болуп кала берет деп ойлойт аналитик. Анткени, анын пикиринде, азыр саясатта оюнчу болуш үчүн сөзсүз партияда же парламентти болуу зарыл эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG