Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

ТҮНДҮК КОСОВО - ДАГЫ БИР ЧЕЧИЛБЕС ТҮЙҮН


Евросоюз полиция кызматкерлеринен турган миссиясын (ЕСЛекс) Косового жайгаштыруу ишин кечеңдете турууну чечти. Муну менен жакында эле эгемендигин жарыялаган жаңы өлкөнүн келечектеги стабилдүүлүгүнө кадик түшкөндөй болду. Айрым аналитиктер Косовонун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/F8FCE56A-2E73-4FC4-9C32-84A8105C5CCA.asp түндүгү менен түштүгү бөлүнүп, Кавказдагыдай чечилбес жаңжалдуу аймак пайда болорун айтышууда.

Быйыл 15-июнда Улуттар Уюмунун Косоводогу миссиясынын бардык бийлик укуктарын, анын миллиарддаган еврого барабар активдерин Евросоюз өзүнүн эки миңдей юристтерден жана полицмендерден турган миссиясына (ЕСЛексге) өткөрүп алууну пландаган эле. Бирок евроЛекс Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин эч кандай мандатына ээ болбогондуктан Косоводогу саясий абалды өз көзөмөлүнө ала албайт. Муну Коопсуздук Кеңеши аркылуу жасаганга Сербия менен Россия мүмкүнчүлүк берген жок. Анын үстүнө миссиянын башкы озуйпасы Евросоюзга өтсө, анда Косоводон НАТОнун бейпилдик күчтөрүн да чыгарганга туура келмек.

Ушундан улам Брюссел евроЛексти жайгаштыруу ишин күзгө калтырганга аргасыз болду. Приштинадагы аналитикалык борбордун эксперти, юрист Авдула Робай олку-солку бул кырдаал жагымсыз эки кабардын каңкуусу болгонун белгиледи. Баарыдан мурда Белград дале болсо Косоводо роль ойногонго мүмкүндүк алат. Мындан тышкары Косовонун бийлик институтарына каскак түзүлөт, алар бул учурда өз милдеттерин толук аткара албайт.

Серб калкы басымдуулук кылган Косовонун түндүк аймагы ушу күнгө чейин Приштина бийлигин тааный элек. Бул жерде бир нече ирет тополоңдор болуп өттү. Эл аралык кризис тобунун кеңешчиси Жеймс Лион иш жүзүндө түндүк Косово Приштинадан бөлүнүп калды деп эсептейт. Анын айтымында, KFORдун күчтөрүн колдонгондон башка бу жерди өз көзөмөлүнө алганга эл аралык коомчулуктун мүмкүндүгү чектелүү. Косово өкмөтүнүн түндүккө бийлиги өтпөйт, келечекте да ушундай абал сакталып калышы ыктымал.

Байкоочулардын көпчүлүгү түндүк Косового Улуттар Уюмунун,калган аймактарга Евросоюздун миссиясын жайгаштыруу алгылыктуу жол болмок дешет. Мындай вариантты Улуттар Уюмунун миссия башчысы Иоахим Рюккер четке какты. Ал не географиялык, не улуттук же эл аралык укуктар жагынан ар түрдүү уюмдар ортосунда эч кандай бөлүштүрүү азыр да, мындан кийин да болбошу керек деп эсептейт. Рюккер Евросоюздун миссиясын Улуттар Уюму өз карамагына алышы мүмкүн экенин да кыйытты.

Ал эми Жеймс Лион кокус проблема чечилбесе, анда түндүк Косово Абхазия менен Түштүк Осетия, Карабах жана Трансднестр сыяктуу эле чечилбес жаңжалдуу зонага айланарын эскертет. “Бул бардык жагынан алганда “тоңдурулган жаңжал” болорунда калет жок, - дейт ал. - Түндүк Косово эми АКШ менен Батыш Европанын көбү келечекте көргүсү келгендей жагдайда акыл-эстүү жол менен чечилбей турган жерге айланып калды”.

XS
SM
MD
LG