Орусияда ушул айдын башында көптөн күтүлгөндөй бийлик алмашты. Өлкөнү 8 жыл башкарган президент Путин ордун жаңы шайланган мамлекет башчысы Дмитрий Медведевге бошотуп берди. Өзү өкмөт башчылыгына келди.
Биринчи жолу чет өлкөгө чыкканда Медведев чыгышка бет алып, Казакстанга жана Кытайга барды. Ал эми Путин өкмөт башчысы болгондон кийин дароо батышка жол тартты. Ушул күндөрү ал Францияга барганда, аны 1-июлдан кийин Европа Биримдигинин төрагасы боло турган өлкө кулач жайып тосуп алды. Путин президент болбосо да, журналисттер ал өзүн президенттей алып жүргөндүгүн, ага мамлекет башчысындай сый көрсөтүлгөндүгүн белгилешти.
Путиндин сөзүн таптап, ишенимдүү сүйлөгөнү Орусияда эң таасирлүү адам экендигинен кабар берип турду. 29-май, бейшембидеги маалымат жыйынында
кабарчылар Орусиядагы адам укуктарынын абалы, анын ичинде Чеченстандагы кырдаал тууралуу сурашканда, Путин адаттагысындай эле өз сынчыларын жекирип сүйлөдү:
- «Орусияда адам укуктары жок» деген тынчсыздануу өтө аша чапкандык болуп саналат. Жалпысынан, менин пикиримде, бул маселе адам укуктарына түздөн-түз тиешеси жок максаттарга жетүү үчүн Орусияга кысым көрсөтүүнүн куралына айланып калды.
Путин мамлекет башчысы болуп турганда, Кремлди "атуулдук коомду жана маалымат каражаттарын муунтуп жатат" деп сындап келишкен. Бирок Путин "ар бир өлкөнүн адам укуктары менен чатагы бар, Батыш өлкөлөрү деле алыс кеткен жок" деди.
Бирок Орусияны европалык мамлекеттерден анын зор мунай-газ байлыктары да өзгөчөлөнтүп турат. Европа Биримдигинин мүчөлөрү учурда өз газынын төрттөн бирин Орусиядан алат.
Улам барган сайын энергетика булактары соолуп, күйүүчү май күн санап кымбаттап жаткан чакта, Европа биримдигинин 27 өлкөсү мунай-газдын туруктуу булагын кепилдегилери келет. Ошондуктан биримдик Орусияга ашыкча кысым көрсөтө албайт.
Путин Франциянын өкмөт башчысы Франсуа Фийон менен сүйлөшкөндө энергетика башкы тема болду. Экөө Брюссел менен Москванын ортосунда түзүлүп жаткан жаңы Кызматташтык планын талкуулашты. Бул келишим боюнча сүйлөшүү июндагы орток самитте башталат. Бул тууралуу Фийон мындай деди:
- Франциянын Евросоюздагы президенттиги тушунда биз алга жылышыбыз керек. Стратегиялык кызматташтык тууралуу келишим түзгөнгө эмнеге болбосун. Ал Евросоюз менен Орусиянын жакындашуусундагы ийгиликтин далили болуп калмак.