Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

2-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1856-жылдын бул күнү саякатчы Ч. Ч. Валихановду Тулпарташ жайлоосунда жайгашкан бугу манабы Боромбайдын өргөөсүнө алып барышкан. 1937-жылдын бул күнү Юсуп Абдрахмановдун Сталинге жазган арызы Оренбург шаардык компартиясына жөнөтүлгөн.

Кыргызстан жергесине келген саякатчы Ч. Ч. Валихановду 1856-жылдын бул күнү Тулпарташ жайлоосунда жайгашкан бугу манабы Боромбайдын өргөөсүнө алып барышкан. Саякатчы манап өргөөсүнүн жасалгасы, ким каерде отурганы, кыргыз уруулары жөнүндө жана алардын абалы, ичара мамилелери туурасында кең-кесири маалымат берет. Мындан тышкаары, ал кыздардын кийим кечеси, алардын жасалгасы жөнүндө жазганы кыргыз этнографиясы үчүн даректүү материал катары эсептелинет.

Ташкен жана Чөлкөмдүк советтин депутаттары 1917-жылы Кыргызстандын түндүгүн кыдырып, эмгекчилер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар Карабулак кыштагына келишип, мындагы жергиликтүү калк менен орус дыйкандары ырашкер-ынтымакта жашай тургандыгын билдиришкен.

Түркстан Республикасынын Комиссарлар совети 1919-жылы мекенине кайтып аткан кытай жарандарына кыянатчылык кылбагыла деген баракчаларды Пишпек шаарына чаптаттырган. Баракчаларда кытайлык адамдар мекенине Ош шаары аркылуу кете тургандыгы айтылып, аларга колдон келишинче укуктук жардам берилиш керектиги белгиленет.

Жети жылдык аралыктан кийин Суусамыр жарманкеси 1924-жылы кайра ачыла тургандыгы кабарланды. Суусамыр жарманкеси буга чейин Пишпек, Нарын, Олуя ата, Наманган жана Анжыян уездеринин тогошунда өткөрүлүп турган. Жарманке жардыгында соода, сатык мамилесин жандандыруу Советтик Түркстан үчүн эларалык мааниси зор экендиги, себеп дегенде ага Батыш Кытайдан да соодагерлер тартыла тургандыгы белгиленет.

Юсуп Абдрахмановдун «коммунисттик партияга болгон мүчөлүгүн кайра калыбына келтирүү» үчүн Сталинге жазган арызы 1937-жылдын бул күнү Оренбург шаардык компартиясына жөнөтүлгөн. Ю. Абдрахмановдун арызы менен бирге, аны партия мүчөлүгүнө калтыруу демилгесин жактаган көрсөтмөлөрдүн чын-жалганын териштирүү көрсөтмөсү берилген. Ал көрсөтмөгө ылайык, Ю.Абдрахмановго «эл душманы» деген айып тагылып, атылып кеткен.

Бул күнү, 1945-жылы таланттуу акын, жазуучу Анатай Өмүрканов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG