Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:28

МАКЕДОНДУКТАР ПАРЛАМЕНТТИК ЭРТЕ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮДӨ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Бүгүн (1-июнда) Македонияда парламентик эрте шайлоо өтүп жатат. Балкан жарым аралында жайгашкан бул чакан тоолуу мамлекеттеги бүгүнкү добуш берүү өлкөнүн саясий бышып жетилгендигин аныктаган өзүнчө бир сынак болуп калмакчы. Кезексиз шайлоо азыркы башкаруучу коалиция ичиндеги күрөштүн, өлкөдөгү саясий жана улуттар аралык чыңалуунун кырдаалында өтүүдө. Мурдагы коммунисттик Югославиядан бөлүнүп, эгемендикке жетишкен Македония --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/1D2EA8B5-4734-4EDD-8455-6FF3B8379C1D.asp , ошол эле учурда, Европа Биримдигине жана НАТОго мүчөлүккө куштар.

Македониянын азыркы бийликтен кетип жаткан өкмөтүнүн башчысы Никола Груевски (Nikola Gruevski) быйыл апрель айында парламенттик эрте шайлоо өткөрүү демилгеси менен чыккан. Анын үмүтүндө, бул шайлоо өзү жетектеген чордончул оңчул партиянын парламентте басымдуу көпчүлүккө ээ болушун камсыз кылууга тийиш.

Эрте шайлоого баруунун зарылчылыгы – Груевскинин партиясы кирген бийликтеги коалициянын ички ыйкы-тыйкысы менен түздөн-түз байланыштуу болду. Быйыл февраль айында коңшу Сербиянын бир аймагы болгон жана албандар басымдуулук кылган Косово өз эгемендигин жарыялаганда, анын көз карандысыздыгын таануу маселесинде македондук өкмөттүк коалициянын ичинде кызуу талаш-тартыш жүрдү.

Соңунда Македония өкмөтү Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тартып, натыйжада коалициялык өкмөттүн бир өнөктөшү буга каршылыгын билдирип, мартта өкмөт курамынан чыгып кеткен. Македонияда калктын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн албандар түзөт.

Мындай саясий кымгуутка кошул-ташыл болуп, коңшу Грекия Македонияны НАТОго мүчөлүккө чакырууга каршылыгын билдирип, апрель айында өз ветосун койду.

Грекия бул өлкөнүн расмий аталышы “Македония” болушуна караманча-каршы. Тарыхый Македония аймагынын жарымы Грекиянын аймагында жайгашкан жана ушундай эле аталышка ээ, ал эми анын дагы бир бөлүгү – Болгариянын тутумунда.

1991-жылы Македония БУУга мүчөлүккө өткөндө “Мурдагы Югославиялык Македония Жумурияты” деген расмий аталыш менен кабыл алынган болчу.

Бүгүнкү парламенттик эрте шайлоодо Косово жана НАТО башкы аныктоочу тема болуп жатканын адистер белгилешүүдө. Анткени дал ушул маселелерге карап “мамлекет болочокто кайда барат?” деген суроо чечилет.

Өкмөт башчы Груевскинин тарапкерлери сырткы басымдарга карабай элди бириктирип, улуттук сыймыкты көтөрүү ураанын чакырууда. Алар Грекиянын кысымына моюн бербей, өлкөнүн атын өзгөртпөөгө убада беришкен. Европа биримдигине кошулуу үчүн реформаларды ургаалдуу жүргүзүү, экономиканы чыңдап, коррупцияны ооздуктоо да Груевскинин партиясынын башкы убадаларынан.

Жума күнү (30-майда) Никола Груевски Струмица шаарында чогулган эл алдында сүйлөгөн сөзүндө македониялыктар “мекенчил болууга акылуу эл” экенин мындайча билдирген:

- Жаңы чечимдерден жалтайлабаңыздар, жоопкерчиликтен качпаңыздар, ошондой эле көөдөнүңүздөрдү ээлеген сезимдерден коркпоңуздар. Сиздер өз өлкөңүздү сүйүүгө акылуусуздар, атажурт сүйөөр болууга, сыймыктануу менен Европага мүчөлүккө кирүүгө акылуусуздар.

Мындай кайрылуу, сыягы, өзүн актагандай көрүнөт. Анткени эң соңку учурдагы коомчулуктун пикирин сурап билүүдө азыркы өкмөт башчынын партиясы башкы атаандашы - оппозициядагы Социал-демократиялык биримдик жана ошондой эле албан улутундагылар түзгөн дагы эки партиядан көбүрөөк добуш алышы ыктымал экендигин көрсөткөн.

Шайлоо өнөктүгү маалында албандардын атаандаш партияларынын тарапкерлеринин ич ара ок атышуулары орун алды жана бул партиялардын кеңселерине гранаталар ыргытылды.

Бүгүн шайлоо түйүндөрүн он үч миңдей полициячы көзөмөлгө алууда. Алты миңден ашуун, анын ичинде эл аралык коомчулуктан келген беш жүз байкоочу добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууда. Өлкөдө шайлоочулардын саны 1,8 миллионго жакын деп эсептелет. Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча саат 23кө чейин созулмакчы.

Сүрөттө Македониянын азыркы бийликтен кетип жаткан өкмөтүнүн башчысы Никола Груевски.

XS
SM
MD
LG