Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

ПУТИНДИН ФРАНЦИЯГА РАСМИЙ ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ


Муса Мураталиев, Москва Басма сөз агенттиктеринин жазганына караганда, Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путинге Францияда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/EBAD0CBB-39B5-4525-871D-D5DEFCE889B1.ASP президентти кабыл алгандай сый көрсөтүлгөн. Орусиянын премьер-министри өзүнүн француз кесиптеши Франсуа Фийон менен бир саат гана сүйлөшүп, калган убактысын Франциянын президенти Николя Саркози, мурдагы өлкө башчысы Жак Ширак жана жазуучу Морис Дрюон менен жолугушууга жумшаган. 30-майда Владимир Путин “Le Mond” гезитине кенен маек куруп берди. Анда Путин Михаил Ходорковский тууралуу суроого аны “бир нече жолу мыйзамды одоно бузган” деп жооп кайтарган.

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин Францияга жасаган ырасмий иш сапары “Le Mond” басылмасына берген маеги менен жума күнү аяктаган. Өз маегинде Путин Орусиядагы бийликти бөлүштүрүү, атаандашуунун жолу, Михаил Ходорковскийдин тагдыры, ТНК-ВП жана Иран маселеси, Кавказдагы жагдай жана НАТОнун кеңейиши тууралуу кеп козгогон.

Басма сөз агенттиктердин жазганына караганда, Франциянын лидери Николя Саркози менен кечки тамак учурунда жолугушууда Кремлде чыныгы кожоюн ким болгону байкала түшкөн. Анын шааниси - Орусиянын тышкы саясаты боюнча ким менен мамиле түзүү керектигин билдирип койду деп жыйынтыктайт. Ошол себептен улам француз кабарчысы Путинге “Орусияда тышкы саясатты сиз көзөмөлдөйсүзбү, же Медведев мырзабы?” деген суроо узаткан.

Ирандын уранды байытуу маселесине токтолуп, Орусиянын өкмөт башчысы “Иран өзүнүн өзөктүк программасын ачыкка чыгаргандай. Юридикалык жактан алганда ал өлкөгө кине коюуга болбойт”, деп жооп кайтарган.

Эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Калуга облусуна «Пежо-Ситроен» соотун куруу, «Супержет-100» учагын сыноодон өткөрүү, Куру космодромунан орусиялык «Союз» ракетасын учуруу долбоорлору каралган.

Путин европалык баалуулукту жактыра тургандыгын айтканы менен, Орусияда экономика же саясат болсун атаандаштык турмушка ашпаган боюнча калганын айткан. Кабарчылар анын себебин сураганда, Путин муну Орусиянын ички өзгөчөлүгү менен түшүндүргөн.

Орусияны В.Путин башкарган жылдары орун алган Беслан, «Норд Осттогу» кыргындар, Чеченстандагы кан төгүүлөр өкүнтөбү, деген суроого Путин «жок» деп дагы, «бар» деп дагы жооп берген эмес. Дагы бир суроо адам укугунун абалы тууралуу болуп, ага Путин “ушул сымал суроолор президенттин ишкердиги менен байланыштуу” деп жооп кайтарган.

Орусиялык «Коммерсант» гезити мурдагы президенттин ушул жообунан улам “Орусиядагы адам укугу боюнча маселени Дмитрий Медведевден сурагыла дегени болду” деп жазат.

“Азаттыкка” берген маегинде саясий серепчи Фёдор Шелов-Коведяев жаңы премьердин дымагына мындайча баа берет:

-Менин баамымда, мурдагы президент, азыркы өкмөт башчы Путин, керт башында болуп өткөн шартка, башкача айтканда, ал мамлекетте экинчи киши болуп калганына ушуга чейин көнө албай атат. Ошол себептүү ал дагы эле өзүн президен катары көрсөтүү менен алек.

Сүрөттө Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак жана Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин.

XS
SM
MD
LG