Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

5-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жай айынын бу күндөрү кыргыздар Үлүш майрамын өткөрүшкөн. 1905-жылдын бу күнү Шабдан баатыр Жетисуудагы кыргыз жана казактардын атынан министрлер Комитетине Петиция менен кайрылган.

Жай айынын бу күндөрү кыргыздар Үлүш майрамын өткөрүшкөн. Бу маалда эл жайлоого толук жайланышып, кымыз бышылып күүсүнө келип, мал жетилип жан сергип, көңүл өскөн маалда кыргыздар жайлоонун жайкы майрамы Үлүштү белгилешкен.

Көк шиберге дасторкон жайылып, үстүнө дүр-дүнүйө тамак коюлуп, тамтуң баскан баладан баштап абышка, кемпирге чейин жасанып майрамдык шаң орногон. Мындан улам эл арасында:


Үлүш берем, той берем,

Тамашаны чоң берем,

Үлүш болот жайында,

Кой, жылкылар айылда
,-деп айтылат.

1905-жылдын бу күнү Шабдан баатыр Жетисуудагы кыргыз жана казактардын атынан министрлер Комитетине Петиция менен кайрылган. Анда кыргыз менен казактардын дин иштери, билим алуу жана жер менчигине байланышкан маселелер 11 пункт боюнча белгиленип, аларды оң чечүү маселеси падышалык бийликке билдирилген.

1905-жылдын ушул эле күнү Жетисуу областындагы Пржевальск, Пишпек, Верный, Копал, Жаркент уездинин кыргыз жана казак калктарынын өкүлдөрү-алардын дин, билим берүү, жер маселесине байланышкан арзуу, тилектерин Петербургдагы падышага жана мамлекеттик бийликке Шабдан Жантаевдин жеткирүүсүн күбөлөндүргөн арызга кол коюшкан. Алар мындан тышкаары, эгер Шабдан баатыр Петербургга өзү баралбаса, анда башка бир ишенимдүү адамды жиберүү жана Ички иштер министрлигинде өтчү Элдик курултайга депутаттарды жеке көз карашына ылайык тандап алыш ишенич артылган.

1922-жылдын бу күнү V Пишпек уездинин шаардык партия курултайы ишин баштады. Курултайда жаңы түзүлүштү куруудагы партиялык уюмдун милдети жана коммунисттик идеалдарга каршы жат көрүнүштөрдү жоюу сыяктуу маселелер каралган.

1937-жылдын бу күнү Кыргызстан Коммунисттик (большевиктер) партиясынын I съезди ишин баштады. Анда Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы М. К. Аммосов доклад жасап, мамлекеттик аппаратты түпкүлүктүү калк өкүлдөрүнүн эсебинен толуктап, бийлик элдин негизги катмары сүйлөгөн тилде сүйлөшү керек жана республика жакынкы аралыкта агрардык өлкөдөн индустриалдык-агрардык мамлекетке айланыштын стратегиялык багытын мерчемдеген.

Бу күнү дйнөлүк коомчулук Айлана чөйрөнү коргоо күнүн белгилешет.

Бу күнү, 1221-жылы орус князы Александр Невский, 1883-жылы айтылуу англис экономисти Джон Кейнс, 1900-жылы англис физиги Деннис Габо, 1910-жылы кыргыз жазуучусу, котормочу Мамасалы Абдукаримов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG