Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

«ДЕ ФАКТО» БАКИЕВДЕРГЕ АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ ЧОГУЛТА БАШТАДЫ (Сүрөт баян)


Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-июнда Президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу А.Салиевдин доо арызы боюнча “Де Факто” жана “Алиби” гезиттерин айыптуу деп таап, алардын ар бирин бир миллион сомдон айыппул төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. “Де Факто” гезитинин редакциясы соттун чечимин бийликтин саясий куугунтугу катары айыптап, ушул эле күнү “Бакиевдерге жардам” аттуу марафон акциясын баштады. Бул иш чаранын максаты, “Де Фактонун” баш редактору Чолпон Орозобекованын айтымында, эркин басылманын мойнуна түшкөн акчаны элден чогултуу эмес, гезиттин артында колдогон миңдеген окурмандары бар экенин көрсөтүү, алардын сөз эркиндигин жактаган тилектештигин чыңдоо болуп саналат. Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева, журналист Жаныбек Жанызак жана башкалар “Бакиевдерге жардам” акциясына биринчилерден болуп катышып, акчалай салым кошушту.








XS
SM
MD
LG