Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

ИРАН: МИЛЛИОНЕР ТҮРМӨДӨ ДА МУҢАЙБАЙТ


Өткөн аптада Иранда Шахрам Жазаери аттуу мультимиллионердин түрмөдөгү жаза мөөнөтү экинчи ирээт кыскарды. Ал саясатчылар, анын ичинде Ирандын диний көсөмүнүн бир тууганы да тартылган, жогорку деңгээлдеги коррупциялык ишке аралашканы үчүн соттолгон эле. Бирок Шахрам Жазаери түрмөдөн туруп эле бизнесин башкарууга мүмкүнчүлүк алганы жана анын жаза мөөнөтүнүн улам кыскартылып жатышы иран бийлигинин коррупцияга каршы чындап күрөшүү ниетинин олуттуулугунан шек санатып турат.

Ирандыктардын айрымдары Шахрам Жазаеринин түрмөгө түшүүсүн орусиялык мурдагы олигарх Михаил Ходорковскийдин тагдыры менен салыштырат. Анткени ал да байлыкты жаш чагында эле топтой алган жана Ходорковский сыяктуу эле өкмөттүн көзүн будамайлаган деген айып менен абакка түшүп отурат.

Бирок Жазаери орусиялык олигархтан айрымаланып, кандайдыр бир саясий амбициясы бар экендиги менен таанылган эмес. Ал эми жогорку бийлик өкүлдөрүнө жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө параны бир нече миллиондук бизнес долбоорлорун илгерилетүү үчүн берген деп эсептелинет.

Маалыматтарга караганда, азыр отуз алтыга келген Жазаери 2001-жылкы сот жараянында Ирандын диний көсөмү Аятолла Али Хаманейинин бир тууганы Хади Хаманейиге, парламенттин мурдагы спикери Мехди Карубиге жүз миңдеген доллар пара бергенин моюнга алган. Мехди Каруби кезинде муну анын саясий оппонеттеринин көө жабуу аракети катары мүнөздөгөн эле.

Шахрам Жазаери 2001-жылы пара бергенден тышкары да башка бир нече кылмыштары, расмий документтерди жасаганы, өкмөттүн ири өлчөмдөгү акчасын жана мүлкүн өзүнө ыйгарып алганы үчүн айыпталган. Бирок ага тагылган кылмыш иштеринин маанилүү деталдары сот жараяны учурунда шардана кылынган эмес жана бул расмий өкүлдөрдүн өздөрү аралашкан мыйзамсыз аракеттерди жаап–жашыруу аргасы деген жоромолдорду жараткан.

Иран парламентинин мурдагы мүчөсү, адвокат Касем Шоле – Саади "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун перси кызматы – "Фарда" радиосундагы интервьюсунда Шахрам Жазаери расмий адамдарга пара төлөгөнү үчүн айыпталганы менен буга байланыштуу бир да расмий адам жазаланбаганын белгиледи:

-Жалгыз гана Шахрам Жазаеринин иши териштирилип, соттолду. Мен ошол мыйзамсыз акчаны же параны алгандардын бири да иши тергелип же соттолгонун уккан жокмун.

Шахрам Жазаери теги боюнча жөнөкөй үйбүлөдөн. Жыйырманын ортосуна келгенге чейин Ирандын батышындагы Ахваз шаарында дүкөнчү эле болуп иштеген. Ал эми 2001-жылы жыйырма тогуз жашында камалган кезинде, өзүнүн эсептөөсүндө, дүйнө-мүлкү 180 миллион долларга жетип калган. Бизнесинин көбү белгисиз, ачыкка чыкканы - мунай соодасында ийгиликтүү ортомчулук кылган бир нече компания уюштурганы.

Сот жараяны учурунда аны менен кошо элүүдөй адам, көбүнесе ирандык белгилүү динаятчылардын уулдары көрсөтмө берген эле. Адегенде ал 27 жылга кесилген, 2004-жылы жаза мөнөтү 14 жылга, ал эми өткөн аптада 11 жылга түшүрүлдү.

Маалыматтарга караганда, абактагы ирандыктардын көбүнүкүндөй болуп, түрмөдө ал кармалган шарт жаман эмес. Мобилдик телефонун, компьютерин пайдаланууга укуктуу жана түрмөдөн туруп эле бизнесин башкарууну улантууда. Айрым ирандыктардын ишениминде, мультимиллионер Шахрам Жазаери акчасын жана байланыштарын эске алганда, жаза мөөнөтүн толук өтөбөйт жана жакынкы келечекте эле эркиндикке чыгышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG