Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

АКШ: ДЕМОКРАТТАР АКЫРКЫ ЭКИ ШТАТТАГЫ ИЧКИ ПАРТИЯЛЫК ШАЙЛООГО ДАЯРДАНУУДА


АКШда күзгү президенттик жарышка катыша турган талапкерлерди тандоо 5 айдай мурун башталган эле. Бүгүн акыркы эки штатта ички партиялык шайлоо өтөт. Республикачылардын атынан Ак Үйдүн кожоюндугуна сенатор МакКейн ат салышаары эбак эле анык болуп калган. Демократтар болсо мурдагы биринчи айым, сенатор Хиллари Клинтон менен сенатор Барак Обаманын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/AD0331F5-9FE0-4766-9650-4FF25EC00299.asp оңой эмес күрөшүнө күбө болуп келатышат. Бирок эч кимиси керектүү сандагы делегаттардын добушуна ээ боло алган жок.

Партиялаштарынын, Конгресстеги демократтардын, маалымат каражаттарынын кысымына карабай, Клинтон акыркы добуш берүүнүн алдында мурдагыдай эле пландарынан тайбай турганын кайталоодо.
Ишембиде мурдагы биринчи айым Пуэрто Рикодогу шайлоону жеңгени менен, добуштардын жалпы саны жагынан Обамадан артта калды.

-Сенатор Обама жана анын тарапкерлерин да белгилей кетким келет. Биздин шайлоо кампанияларыбыздын жүрүшүндө Американын жаңы багытын аныктоого дилгир шайлоочуларды тартууга жетиштик. Президент болуп демократтардын өкүлү шайланууга тийиш.

Кээ бир маалымат каражаттары Обамага өзүн демократтардын талапкери деп жарыялоого кеңеш беришкен эле. Бирок сенатор эч нерсе чечиле электигин айтууда.

Өткөн дем алышта Түштүк Дакотада сүйлөгөндө Обаманын сөзүндө атаандаштыкка караганда жарашуу маанайы үстөмдүк кылып турду:

-Сенатор Клинтон мыкты коомдук ишмер. Шайлоо кампаниясын кабагым-кашым дебей жүргүздү. Мыкты сенатор экенин көргөздү. Ноябрда республикачыларды жеңүүгө ири салым кошкону жатат.

Шейшемби күнкү шайлоо кандай аяктабасын, партиянын атынан талапкер болуп аталуу үчүн керек болгон 2 миң 118 добушка эч кимиси ээ боло албайт.
Азыр Обама 2 миң 73, Клинтон 1 миң 915 добуш чогултушту.

Эми алардын тагдыры 855 “супер делегаттын” колунда. Делегаттар партиянын август айында өтчү жыйынында өз тандоосун билдиришмекчи.

Обамага колдоо көргөзөбүз деп убада кылган “супер делегаттардын” саны азырынча көбүрөөк жана алардын катарына келээрки 2 күндүн ичинде дагы бир топ демократтар кошулат деп күтүлүүдө.
Бирок дүйшөмбүгө карай 170 делегат кимге артыкчылык берээрин чече электигин айтышкан.
Клинтон болсо августка чейин күрөшүп, Обаманын делегаттарынын пикирин өзгөрттүрүүгө аракет көрөөрүн кыйыткан.

Кошумчалай кетчү жагдай, Мичиган жана Флоридадагы шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп таанылган. Бул штаттарда ички добуш берүү белгиленген мөөнөттө өтпөй калган жана Мичигандагы бюллетендерде Обаманын ысымы жазылган эмес.
Ишембиде Демократтардын Улуттук комитети ал эки жердеги добуштарды теңме тең бөлүштүрүүнү чечти.
Бирок Клинтондун кеңешчиси Харолд Иккиз бул чечимди талашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

Саясий байкоочулардын бир тобу Клинтон Обама президенттикке кандидат болуп расмий жарыялангычакты бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаргысы келбейт, андан кийин гана мындан аркы кадамдарын кайра карап чыгат дешет.

Айрым имиштерге караганда, Клинтондун кээ бир кызматкерлерине шейшембиде ишке чыкпоого көрсөтмө берилген.

Бир катар саясий аналитиктер болсо Хиллари Клинтон АКШнын президенттигине дагы бир жолу талаптанабы? - деген суроону талкуулоого киришти.

XS
SM
MD
LG