-Рыскелди мырза, соттун чечимин “Де-факто” гезитинин жамааты саясий куугунтук катары баалашууда. Ушул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-Соттун мындай чечимине мен таң калган жокмун. Болгону бүгүнкү күндө адамдардын ар-намысынын ушунчалык жогору бааланып кеткенине тан калып жатам. Ушундай сот чечимдери мурунку бийликтин учурунда болуп, Сарыгулов, Карыпкулов “Республика” гезитин сотко берсе, Танаев “МСН” гезитин сотко берип, 500 миң, 200 миң сомдон айыпка жыгып, өз ар-намысын далилдешкен. Ошончо акчага бааланар эле. Ал эми бүгүнкү күндө президенттин инисинин баласынын ар-намысы 1 миллион сом турса, бул соттун чечими - мыйзамга кызмат кылганы эмес, бийликке кошомат кылгандай маани калтырды.
-Рыскелди мырза, айрым талдоочулар соттун “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине 1 миллион сомдон айып пул салышын Кыргызстанда сөз эркиндигине карата жасалган кысым катары баалашууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-Мен мурда деле муну саясий куугунтук же саясий кысым деп айтып келгем. Эмне үчүн дегенде алар макаланын кабарчысын эмес, гезитти сотко беришпедиби. Эми гезитти 1 миллион сом айыпка жыккандай, биздин гезиттин артында кандайдыр бир чоң адамдар каржыласа бир жөн. Биз өзүбүздүн күчүбүз менен чыгып жаткан гезитке “булар жабылып калсын” деген тилек менен беришкен.
Ошол эле сот башынан баштап бир жактуу болуп, Улуттук академиянын тил комиссиясы дагы биздин он суроонун бир суроосуна дагы жооп бербей туруп, кайсы сөз каймана сөзгө жатат, кайсы сөз шылдың сөзгө жатат, ошонун бирөөн дагы аныктабай туруп, Асылбек Салиевдин дооматы негиздүү деп чечим чыгарганда эле мен түңүлгөм. Бул куугунтук.
-Рыскелди мырза, эми мындан ары “Алиби” гезитинин жамаатынын кадамы кандай болот?
-“Баш кесмей бар, тил кесмей жок” дегендей соттун чечими азырынча күчүнө кире элек. Бир айлык мөөнөткө чейин күчүнө кирбейт. Бирок биз аппеляциялык арыз жолдоп, Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз. Биз чыга беребиз. Бул гезитти жапкан күндө дагы башка гезит менен чыгабыз. Мындай болуп келген да.
Мурдагы бийлик кетирген кемчиликти азыркы бийлик эске алган эмес экен. Мурун “Асабаны” жаап, “Агымды” алган. “Моя столицаны” жапкан. Мен ойлойм, окурмандар биздин үнүбүздү “Алиби” аркылуу укпаса дагы башка гезиттер аркылуу уга берет.
-“Алиби” гезити 1 миллион сомду төлөп берүүгө кудурети жетеби?
-1 миллион сом эмес, бүгүнкү күндө биз өзүбүздүн журналисттердин айлыгын араңдан зорго төлөп берип жаткандан кийин 1 миллион сом биз үчүн өтө чоң сумма. Муну төлөп берүүгө эч мүмкүн эмес. Төлөй дагы албайбыз. Бирок биз Жогорку сотко чейин күрөшөбүз деген тилек бар.
-Маегиңизге ырахмат.