Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

АКШ: ӨКМӨТ КАРЖЫЛАГАН ММК КАНТКЕНДЕ БЕЙТАРАП БОЛО АЛАТ?


Амирбек Усманов, Прага Өткөн жумада Тбилисиде грузин оппозициясы өкмөттүк телеканалдын студиясына чабуул жасап, оппозицияга байланыштуу окуяларды чагылдырууга күнүнө бир саат убакыт бөлүп берүүнү талап кылышты. Алар коомдук телеканалды саясый окуяларды көбүн эсе таразалабай, бийликке ыңгайлуу кылып чагылдырат деп күнөөлөдү. Бул маселени АКШнын Коомдук радиоберүүлөр кызматы- PBSтин “The Newshour» жаңылыктар телепрограммасы кантип чечкен? Бул жөнүндө аталган программанын жетекчилеринин бири Анна Белл «Азаттыкка» айтып берген эле.

Коомдук радиоберүүлөр кызматынын жумасына беш ирет кечкисин көрсөтүлчү “The Newshour» программасы АКШда өтө популярдуу. Ал саясый- экономикалык, илимий жана башка берүүлөрү ондогон журналисттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Кызыгы, программаны көзкарандысыз McNeil- Lehrer Production корпорациясы даярдайт.

Программанын редакторлорунун бири Анне Беллдин «Азаттыкка» айтышынча, өкмөт эч кимди таңуулабайт да, чектебейт:

-Жок, өкмөт эч кандай квота киргизген эмес. Биз толук эркинбиз. Бул биздин журналисттердин абийрине багыңкы иш. Эч ким талап кылбаса да, биз түрдүү көзкараштарды бергенге аракет кылабыз.

Азыркыдай Ак Үйдү жана Конгрессти республикачылар контролдоп турган шартта, “The Newshour» кайсы партияга ашыкча көп убакыт да бербейт. Антип да ойлобойбуз, дейт Анне Белл:

-Аларга өзгөчө мамиле жасалбайт…Алар жөнүндө кабарды ошол замат бербесек, жеме угабыз деп ойлобойбуз жана аларга өзүбүздү милдеттүү деп да сезбейбиз. Ырас, азыр партия бийликте тургандыктан, көпчүлүк мезгилде алардын айткандары маанилүү. Себеби, ал эртең саясат болушу мүмкүн. Ошон үчүн аны чагылдырганга умтулабыз. Бирок, биз теманы «Муну өкмөт чечти, аны сен билишиң керек» дебейбиз.

“The Newshour» программасы Республикачыл жана Демократтык партия арасындагы балансты кантип кармайт? Партиянын мүчөлөрү обого канчалык тез чыгып турат?

-Биз обого түрдүү көзкарашты берүүгө умтулабыз. Кээде оң жана терс көз карашты тең беребиз, республикачыларды демократтарга каршы чыгарабыз, айрым учурда теманы ар тараптан чагылдырууга, ага байланыштуу түрдүү пикирлерди беребиз. Биз ушинтип балансты сактоого тырышабыз. Мисалы, жакында Өкүлдөр палатасынын төрайымы, демократ Нэнси Пелозиден интервью алдык. Анын өзүнө, анын позицияна көңүл бурдук. Ага эч ким каршы сүйлөбөдү. Эми жакын арада каршы тарапты угуу үчүн Өкүлдөр палатасындагы азчылыктын лидери Жон Байнерди ушундай эле интервьюга чакырмакчыбыз.

Коомдук радиоберүүлөр кызматы- PBS каражатынын айрым бөлүгүн Коомдук уктуруулар корпорациясы- CPBдан алат. Корпорация- АКШ Конгресси түзгөн коммерциялык эмес менчик мекеме. Анын бюджети жеке демөөрчүлөр, түрдүү фондор берген жана грант акчалардан түзүлөт. Бюджеттеги өкмөттүн үлүшү 12 процентке жакын болот. Корпорациянын тогуз адамдан турган кеңешин президент дайындап, Сенат бекитет.

Демейде, бийликтеги партия кеңештин беш мүчөсүн сунуш кылат. Бирок кеңеш PBSнын берүүлөрүн, Анне Белл айткандай, контролдобойт жана контролдой да албайт.
XS
SM
MD
LG