Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

РАЙС ИРАН РЕЖИМИН КАТУУ СЫНДАДЫ


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс АКШ-Израил Коомдук иштер комитетинин жылдык жыйынында чыгып сүйлөп, эки өлкөнүн алакаларын сөз кылды. Бирок докладынын ири бөлүгү Иранга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/445F74DE-57F7-45ED-AB34-71C7DCC6195C.asp жана Райстын сөзү менен айтканда, ал өлкө туудуруп жаткан коркунучка арналды.

Мамлекеттик катчынын 30 мүнөттүк баяндамасы катуу сөздөр менен айырмаланды. Анын АКШ-Израил Коомдук иштер комитетиндеги доклады Ирандын ядролук дымагына туруштук берүүдө дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү кантип натыйжалуу колдонуу керек деген темага арналган. Райс тикелей диалог өткөрүү чакырыктары көбөйгөнүн белгиледи:

-Ушу тапта биздин өлкөдө жана Израилде Иран режими туудурган коопко кандай жооп кайтаруу керек деген олутту талкуулар жүрүп жатканын билем. Бирок Иран менен сүйлөшүү керекпи деген маселе реалдуу эмес. Дипломатия жана сүйлөшүү синонимдер эмес. Чыныгы дипломатия кимдир бирөөнүн иш-аракеттерин өзгөрттүрүүгө багытталган демилгелерди камтыйт.

Ошол иш-аракеттер өзгөрмөйүн Батыш Коопсуздук кеңешинин 3 резолюциясына баш ийбей келаткан Иранга кысым көргөзүүнү уланта берүүгө тийиш, - деди Райс.

Ошол эле маалда мамкатчы Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен сүйлөшүүнү сунуш кылганын, бирок бул үчүн анын өкмөтү Улуттар уюмунун талаптарына көнүп, атомдук программасын токтотушу керек деп кошумчалады.

-Иран атомдук отун байытуу иштерин токтотсо, мен Коопсуздук кеңешиндеги кесиптештериме кошулуп, ирандык министр менен кайсы учурда, кайда болбосун жана бардык маселе боюнча жолугушууга даярмын. Ирандын мамилеси өзгөрсө, биз аны кубаттайбыз. Себеби Американын туруктуу душмандары жок. Биз алар менен жолугушууга даярбыз, бирок ирандыктар сүйлөшүүлөргө жамынып алып, атомдук курал жасоого жакындап жаткан шартта эмес.

Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максаттарды көздөйт деп кайталап келатат. Анда эмне үчүн Иран лидерлери атомдук станциялар үчүн керек болгон реакторлорду сунуш эткен Батыштын демилгелерин четке какты? Эмне үчүн уран байытып берели деген Россиянын сунушуна көнгөн жок? – деген суроо салды Райс.

Мамкатчы ошондой эле АКШ Израилдин коопсуздугун чыңдоого аракет жумшап жатканын белгиледи.
Президент Махмуд Ахмадинежад өңдүү лидер Израилге гана эмес бүтүндөй Жакынкы Чыгышка коркунуч туудурат деген Райс, Иранды Ирактагы мазапаралык урушка салым кошуп келатат деп күнөөлөдү:

-Холокостту тааныбаган, коркутуп-үркүткөн, коңшу өлкөнүн жарандарын өлтүрүп, Улуттар уюмуна мүчө мамлекетти жок кылууну эңсеген режимге ядролук иштерде белгилүү бир чектен чыгууга уруксат бербеш керек. Президент Буш Израил парламентиндеги кайрылуусунда белгилегендей, дүйнөдөгү бейпилдик үчүн Иранга атомдук куралга ээлик кылууга жол бербеш керек.

Ирандын президенти Ахмадинежад ушу тапта Римде азык-түлүк кризисине арналган эларалык жыйынга катышууда. Ал бай мамлекеттерди өз дыйкандарына субсидия берип жаткандыгы үчүн сындады.
Ахмадинежад Ирандын атомдук программасына байланыштуу Вашингтон менен болгон араздашуусун да сөз кылууга үлгүрдү.

-Буш мырза Иранга чабуул коюууну каалайт. Ар кандай себептер менен аны ишке ашырууга аракет кылган. Бирок ийгиликке жетише алган жок. Өзөктүк кубат маселеси жаңы себеп эмес.

Ахмадинежад ошондой эле Израилдин Ирандын жардамысыз эле “жок болооруна” ишенем деп айта кетти.

XS
SM
MD
LG