Өзгөн районунун тургуну Азамат Жолболдуев Адахан Мадумаров 2005-жылы мартта бийликке келгенден кийин бат өзгөргөндүгүн, деңгээли Жогорку Кеңешти башкарып турганда анык билинип, кадыры ылдыйлай түшкөндүгүн, бирок мындан ары оппозицияга кошулбастан өзүнчө топ уюштуруп, саясатка активдүү аралашат деп ойлойт:
- Кадыр-баркы элдин арасында аябай жогору болчу. Айрыкча бийликке баргандан кийин 180 градуска өзгөрдү. Оппозицияны жамандай берген учурлары болду. Ошондон кийин ал өзүнүн кадыр-баркын түшүрүп алды. Төрага катары саясатта өзүнүн жеңилдигин жана шашмалыгын көрсөтүп алды деп ойлойм. Кийинки карьерасы менимче, оппозицияга баралбайт, азыркы бийликти жамандаганга да Мадумаровдун позициясы туура келбейт го. Эми өзүнчө топ түзүп чыгышы да мүмкүн.
Ош мамлекеттик университетинин студенти Эрнис Толтоевдин пикиринде белгилүү саясатчы оппозицияга ыкташы ыктымал. Бирок Мадумаров бул жолу «Ак жол» партиясынын сабында жүрүп эле бийликтин кемчиликтерин ашкерелеген лидерге айланат:
- Мен ойлойм Мадумаровдун мындан кийинки тагдыры оппозицияга кошулуп кетүү ыктымалдыгы бар. Бирок оппозицияга кошулганда, Мадумаров мисалы Текебаев менен бирикпей калышы мүмкүн. Ошол эле Бешимовдорго деле кире албай калышы мүмкүн. Мен ойлойм, бул “Ак жолдун” ичинде эле өзүнчө кичинекей бир топ түзүп чыгат.
Социал-демократиялык партиянын Оштогу жаштар канатынын жетекчиси Айбек Исаев Мадумаров вице-премьер кезинде деле иштеп жарытпагандыгын эске салып, ал эми мамлекеттик катчы убагында ойлоп тапкан «Биригүү аркылуу өнүгүү» аттуу идеологиясы Акаевдикинен айырмасы жок деп баалады:
- Мамлекеттик катчы катары ошол идеологияны жүргүзүү үчүн приоритеттүү багыттарды иштеп чыгыш керек эле. Ал нерсе ишке ашпай калды. Акаевдин учурундагы идеология менен азыркы биримдик деген идеологиянын айырмасы жок, бирдей эле идеология болуп калды.
Алай районунун жашоочусу Абай Эшмаматов «Ак Жолдун» былтыркы парламенттик шайлоодо көп орун алгандыгын Мадумаровдун эл арасындагы кадырынын бийиктигине байланыштырды. Анын баамында, өлкө башчысы Бакиевге учурда атаандашчыл эмес, жүүнү бош, жетелеме спикер керек өңдөнөт, ошол себептүү жакын санаган кишисин - мурунку төраганы Акүйдөгү кландардын курмандыгына чалып берди. Ошого карабастан Мадумаров конструктивдүү оппозиционер бойдон калаары бышык:
- Мадумаров буга чейин деле Бакиев президент эле деп кошомат кылган саясат жүргүзүп келген эмес. Менимче, Мадумаровдун спикерликтен кетиши бийлик талашкан кландардын курмандыгы болуп калды. Армияда реформа жүргүзүп аткан, эң жакшы иштеп аткан Исаковду деле башка кызматка которушпадыбы. Мадумаров буга чейин деле конструктивдүү оппозициялык маанайдагы көз карашын билдирип келген. Мен ойлойм анын кийинки тагдыры деле ушул сыяктуу болот. Саясаттан кетпейт, бирок дайыма бийликке өзүнүн ачык көз карашын айтып, кыргыз эли үчүн иштей берет.