Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ ПРЕЗИДЕНТТИ ЭЛГЕ ЖАКЫН БОЛУУГА ЧАКЫРАТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кечээ мурдагы акыйкатчы, “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу өлкөдөгү кырдаал --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/59185537-6234-4CED-878F-533348211A64.asp боюнча президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Кайрылуунун маңызы тууралуу Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Турсунбай мырза, ошол кайрылууңуздун маани-маңызына токтоло кетсеңиз.

-Мен “Эрк” партиясынын 15-курултайынын тапшырмасы менен президентке кайрылдым. Кайрылганда эле бир эле өзү эмес, эл дагы таанышсын деп ачык кат жолдодум. Бул катта мен Кыргызстанда курчуп жаткан абалды чечүү үчүн сизге президент катары эмес, “Ак жол” партиясынын лидери катарында “Эрк” партиясынын атынан кайрылып жатам дедим.

Бүгүнкү күнү “Ак жол” партиясынын лидери Кыргызстандагы бийликтеги бардык күчтөрдү бир күчкө бириктирип алып, башкача айтканда монополия кылып алган. Айыл өкмөтүнөн баштап, Жогорку Кеңеш, өкмөткө чейин “Ак жол” ээлеп алды. “Ошон үчүн сизге кайрылып жатам жана бул жерде сизди Исхак Разаков, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Апсамат Масалиевдей элдин эсинде калып, ушундай болуңуз” деп эскертип жатам.

Негизи кайрылуумдун мааниси: бүгүнкү күндө мурдагы президенттин каталары толугу менен кайталанып, өзгөчө башка өлкөгө жерлерди берүү, энергетиканын жеке менчикке өтүшү, азык-түлүк кризиси, демократиялык баалуулуктарга чабуул башталганы, өзгөчө митингдерге, демонстрацияларга каршы өкмөттүн чечимдери кооптондурат.

Жергиликтүү айыл өкмөттөрдү эл шайлабай, жогору жактан президент дайындаганы, президенттин жакын туугандары көз карандысыз гезиттерди сот аркылуу утуп алгандары, саясатчы, бизнесмен эмес, журналисттерди өлтүргөн бир дагы кылмыштын бети ачылбаганы, президент менен парламенттик шайлоо фальсификация жолу менен болгонун бардыгын айтып, “абал курчуп жатат, ошондуктан урматтуу Курманбек Салиевич күзгө чейин 3 ай убакыт бар, мен “Эрк” партиясынын атынан тегерек үстөл өткөрүп, бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүңүз” деп сунуш кылдым. Себеби алдын ала бул маселени чечип алсак, күзүндө стабилдүүлүк жана тынчтык бузулбайт.

Анан мүмкүн президент көп маселеге кулак салып, ага чейин чечип коюшу мүмкүн. Азыр бийлик буга көңүл бурбаса, күзүндө кудайга гана белгилүү эмне болуп кетери. Элдин нааразычылыгы күчөп жатат.

-Турсунбай мырза, күзүндө толкундоолор болушу мүмкүн деген божомолуңузду айтып жатасыз, анын себебин эмнеден көрөсүз?

-Биринчиден, мурдагы бийликтин каталарын азыркы бийлик кайталап жатат. Элдин кыжыры келүүдө. Экинчиден, азык-түлүккө, керектеле турган биринчи товарларга, жакында электр кубатына баа кымбаттап жатат. Элдин турмушу оңолбой турганда, кымбаттап жатканда элдин нааразычылыгы пайда болот. Муну тарых далилдеп жатат. Ошондуктан муну алдын ала бийлик чечиши керек. Биз конструктивдүү оппозиция катарында сунуш кылып жатабыз. Азыр кеч эмес. Бардыгын чогултуп, бир маселени чечели, бир пикирге келели. Президенттен кандай жооп болот, аны бир Кудай билет.

-Турсунбай мырза, 1-июлга чейин президент оппозициялык партиялар, жарандык коомдордун өкүлдөрү менен жолугушуп, тегерек үстөл жыйын өткөрсө деген сунушуңуз бар экен. Эгерде ошол тегерек үстөл жыйыны өтүп калса, сиз учурдагы кырдаалдан чыгуунун кандай жолун сунуш кылат элеңиз?

-Биринчиден, биз дыйкандарды чукул убакыттын ичинде мамлекет тарабынан жакшы колдошубуз керек. Пайызы жок кредиттерди беришибиз керек. “Ислам” банкы Кыргызстанга келген. Дыйкандарды бутка тургузуп алсак дүйнөнү каптаган азык-түлүк кризисинен чыгып кетишибиз мүмкүн.

Экинчиден, саясий укуктарды жана эркиндиктерди элге кайта беришибиз керек. Кимдир бирөө башка пикир айтса, куугунтукка алынбашы керек. Үчүнчүдөн, шайлоолор таза өтүшү керек. Мына “Ак жол” партиясы бийликке келип, эмне болуп жатканын көрүп атабыз. Төртүнчүдөн, биздин сунушубуз - бийлик элге жакын болуш керек.

Бешинчиден, туугандар бийликке чогулуп жатпайбы. Бул мыйзамдардын бузулушу. Муну токтотуш керек. Мисалы, өзүңөр айтып жатасыңар, Жаныш Бакиев бийликке келди деп. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Айнура Ибраимова ошол эле вице-премьер-министр Элмира Ибраимованын сиңдиси.

Бул тууганчыл бийликке келгенде кыргызда “туура бийликте тууган жок, тууган бийликте ыйман жок” деген жакшы макал бар. Биздин ата-бабаларыбыз акылдуу болчу.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG