-Бүгүн "Акыйкат үчүн" кыймылдын координациялык кеңешинин жыйынында каралуучу маселелер тууралуу өзүңүздөн уксак. Анда негизинен кайсы маселелерге көңүл бурулат?
-Эгемендүүлүктү алгандан бери жашообуздун деңгээли жогорулабай, төмөндөп барууда. Муну эл түздөн-түз бийликтин алсыздыгы менен байланыштырып жатат. Туура, бирок тереңирээк ой жүгүртсөк биздин негизги проблемабыз мамлекеттик түзүлүшүндө жана башкаруу системасында болуп жатат. Эртели-кечпи биз түшүнүшүбүз керек, мындай башкаруу система менен биз алдыга жыла албайбыз.
Элдин нааразычылыгы ашып кеткенде биз кайра эле революция, же бийликтин төңкөрүшүнө мажбур болобуз. Эл менен бийликтин ортосунда карама-каршылык боло берсе мамлекеттик төңкөрүш адатка айланып калат. Ошондуктан биз качып кутулбас реформага такалып калдык. Коомдук парламент муну туура түшүнүп, реформалоо жолду тактап атат. Ага байланыштуу комиссия түзүлдү, мүчөлөрдүн көпчүлүгү муну туура көрүп атат.
Президенттин чексиз бийлигине чек коюшу керек. Бийликти жер-жерлерге бериши керек. Облустук губернаторлорду шайлоо жолго түшпөсөк болбой калды. Облустук кеңештерди түзүшкө мажбур болуп атабыз. Айрыкча айтканда жалпы элдин демилгесин көтөрмөйүнчө биз бул саздан чыга албай калдык.
-Буга чейин коомдук парламент, элдик курултай өлкөдөгү кырдаал жөнүндө жана кемчиликтерди жоюу боюнча президентке кайрылуу жолдогон эле. Ошолорго жооп ала алдыңыздарбы, же бийликтин буга реакциясы кандай болду?
-Бийликтин бети үч жылдан бери ачык эле көрүнүп калды. Бул бийлик менен биз алыска бара албай калдык. Бийлик айткан сөздөрдү четке кагып эле атат. Бирок мен ойлоп атам, биз жөн эле карама-каршылык, кызуу кандуулук жолго түшпөй, биринчи мамлекетибиздин түзүлүшүн, башкаруу бийлигин тактап алып, аны аныктап, андан кийин керек болсо күрөшкө чыгышыбыз керек.
-Мына сиз бийликтин башкаруу системасын өзгөртүү зарылдыгын айттыңыз. Айрым талдоочулар күзүндө президенттик шайлоо болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Эгерде чын эле президенттик шайлоо болсо, бул бийлик ситемасынын өзгөрүүгө таасир береби?
-Андай болбойт. Анткени күзүндө президенттин шайлоо болсо, мен түз эле айтайын, бул чоң чатакка айланып кетет. Анткени БШКга элдин ишеними жок, бийликке ишеним жок. Анткени рефрендум менен депутаттарды шайлаганда ыплас жолго барып, ишенимин жоготуп салган. Мен ойлойм, бүгүн президенттик шайлоодо утушка президенттин эч кандай мүмкүнчүлүгү жок.
-Ал эми коомчулукта оппозициянын башы бирикпей атат деп айтылууда. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?
-Бул туура, оппозициянын башы азырынча бирикпейт. Анткени ар бир оппозиционер кандайдыр бир өздөрүнүн жолдорун талдап, издеп атышат. Бирок акырындык жол менен ушул көз караштарыбыз жакындап калышы мүмкүн. Ал учур да келет.
-Ал эми мурдагы акыйкатчы, “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу дагы “Акыйкат үчүн” кыймыл менен бир кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканы боюнча маалымат бар. Ушуга кандай дейсиз?
-Мен ойлом, азыр кандайдыр бир саясий күчтөр болбосун кошулам деген ою болсо, ой-пикирлери бирге болуп чыкса бул кандайдыр бир жеңиш катары болуп эсептелет.
-Маегиңизге ырахмат.