Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

ОШ: ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН КУПУЛУНА ТОЛБОГОН МЕКТЕПТЕР


Ош жергесине жасаган сапарында премьер-министр Игорь Чудинов кыштагы зилзаладан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/01/5C84757C-1BA3-412C-A759-B04BEF54C566.asp облуста кыйраган он мектептин ордуна жаңыларын куруу иши талапка жооп бербей турганын билдирди. Жер титирөөдөн айрыкча жапа чеккен Карасуу районунун жарандары бул пикирге макул болгону менен, жергиликтүү бийлик ага кошула албай турганын айтат.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен алынган маалыматка караганда, кыштагы жер титирөөдөн аймакта 10 мектеп кыйраган, анын бешөө Карасуу районуна таандык. Учурда алардын ордуна жаңылары республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.



Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Жамшитов Карасуу районуна караштуу 540 орундуу Пушкин атындагы орто мектепке 64 миллион 480 миң сом ажыратылгандыгын, ошондо ар бир чарчы метрге 940 доллар жумшалып жаткандыгын айтты:

- Мектептин ар бир чарчы метри 940 доллардан түшүп жатат. Анын ичинде трансформатор, спорт жабдуулары бар. Баары дүйнөлүк стандартта.



Бирок өкмөт башчы Игорь Чудинов бул баа менен макул болгон жок:

- Мен билем, жакшы үйдүн ар бир чарчы метри - темир чатырын, бышык кыштуу дубалын, канализациясын кошкондо - орточо 500 долларга бүтөт. А силер, буюртмачылар, жалпы жонунан агартуу мекемелеринин өздүк наркын эки эсеге (ар бир чарчы метрин 940 долларга) көтөрүп жиберипсиңер. Уят! Чукул арада кайра эсептеп чыгып, бааны көтөргөндөргө тезинен чара көрүп, мага сөзсүз билдиргиле.



Табигый кырсыктан өзгөчө жабыркаган Карасуу районундагы Лаңгар айылынын тургуну Турдубай Келдибаев мектептердин курулушунда гана эмес элге жер тилкесин бөлүштүрүүдө да коррупция күч алгандыгын, айыл өкмөттөрүнүн артында таасирлүү күчтөр тургандыгын айтат:

- Башка айыл өкмөттөрдө дагы жер чоң бизнеске айланып кетти. Бул жерде сөзсүз коррупция бар. Айыл өкмөттөрдү ушул маселе боюнча жогору жактан коргогондор бар.

Жолугушууда Карасуунун акими Токтосун Барманов премьер-министрдин алдында жердештеринин сынына мындайча жооп катты:

- Кайракашта 772 кишиге 8 сотыхтан жер берип атабыз. Ошол жерде чакан татынакай шаарча кылабыз. Дагы эмне керек, элди биз көптүрүп атабыз. Биз ойлойбуз, биз үчүн бирөө жооп берет деп, эмне ал өлгөндө мен жооп бермек белем? Практикада сабап, кубалап чыккан жок. Биз кайра-кайра айтып атабыз, өзүңөрдү ойлобосоңор да бала-чаканы ойлоп койгула деп. Бир күнү болсо бир күнү ушул жер көчүп кетсе бириңиздер дагы жакшылыкты көрбөй каласыздар.



Оштук талдоочу Эрнис Толтоев акыркы жылдары курулуштан, айрыкча мектептен өөнөп-тоноп байыгандар көбөйгөнүн белгилеп, аларга сабак иретинде архитектура жана курулуш агенттигинин мурунку директору Ишенбай Кадырбековдун камалышын туура деп эсептейт. Эгерде бул иш калыс иликтенип, учугу чубалса, дагы көп аткаминерлер жоопко тартылып, коррупция азаят деген ишеничте.

- Ишенбай Кадырбековдун азыркы мезгилде камалып жатышы туура эле деп ойлойм. Финполиция коррупциянын аягына чейин чыкса көптөгөн адамдар жоопко тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG