Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

ОБАМА ИЗРАИЛДИ ИРАНДЫН КОРКУНУЧУН ЖОК КЫЛУУГА ИШЕНДИРДИ


Талапкерлик жарышын жаңы эле аяктаган Барак Обама президент болуп шайланса, Ирандын ядролук куралга ээ болушун алдын алуу үчүн бар аракетин жумшаарына убада берди. АКШ-Израиль Коомдук иштер комитетинде сүйлөгөн Обама ошондой эле Израилдин коопсуздугу анын администрациясынын приоритети болот деп ишендирди.

АКШдагы израилчил ири топ болуп эсептелген комитеттин колдоосуна ээ болуу президенттикке талаптанып жаткан саясатчылар үчүн маанилүү болуп эсептелет.

Комитеттин 7 миңдей мүчөсү демократ-сенатор Обаманы жылуу тосуп алышты.

Демократиялык партиянын ички жарышын жеңгенин жарыялаган сенатор сөзүнүн ири бөлүгүн Израил өз душманы деп эсептеген Иранга арнады.

Президент Жорж Буш жана республикачылардын талапкери Жон Маккейн Обаманы Ирандын лидерлери менен маңдай тескей отуруп, сүйлөшүшүм мүмкүн деп айткандыгы үчүн сындашкан. Кечээ ал кокус президент болуп калса, Махмуд Ахмадинежаддын өкмөтүнө каршы катуу турумду ээлей турганына ишендирди:

-Ирандын режими зордукчул экстремисттерди колдойт, атомдук тармакта күчтүү болууну көздөйт жана муну менен кооптуу жарыша куралданууга жем таштап, ядролук технологиялардын террористтердин колуна өтүшүн шартоодо. Режимдин президенти Холокостту тааныбайт жана Израилди картадан жоготобуз деп коркутуп-үркүтүүдө. Иран туудурган кооп өтө олуттуу, реалдуу жана менин максатым ошол кооптуу жок кылуу.

Ирандын атомдук куралга ээ болушунун алдын алууга бар аракетимди жумшаймын деп убада кылган Обама, Тегеранды атомдук программасынан баш тартууга көндүрүү үчүн «АКШ кубатынын бардык элементтерин» колдоноорун белгиледи.

Байкоочулар муну менен сенатор дипломатия гана эмес, күч колдонууга даярдыгын да кыйытты деп чечмелешти.

Обама ошондой эле Ирактагы согушту Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасиринин өсүп жатышы менен байланыштырды.

-Израил үчүн Иракка караганда Иран дайыма кооптурак болчу. Ирактагы согуштун айынан Иран аймактагы ролун чыңдап алды жана АКШ менен Израилдин алдында оор стратегиялык маселелер пайда болду. Ирак бейстабилдүү өлкө, Ал-Кайида жаңы согушкерлерди жалдоону күчөттү. Израил коңшулары менен жүргүзүп келаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү, жөөт эли өзүнө алган оор жүккө карабай, токтоп турат. Америка региондо обочодо калды, Израилдин коопсуздугу болсо коркунучка туш болду.

Андыктан Обама президент болуп шайланса, Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүүнү баштай турганын айтты:

-Аскерлерибиздин бардыгын белгисиз мөөнөткө Иракта кармоо менен Иранды алсырата албайбыз. Бул жеңишке алып келе турган саясат эмес. Мен Ирактагы контингентти этап-этап менен чыгарууну сунуш кылгам. Биз ал жакка канчалык шалаакылык менен кирсек, кетишибиз ошончулук кылдат жана этият болмокчу. Ирактын лидерлерине кысым көргөзүп, келечеги үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алдырыш керек.

Сөз болгон комитетте Обаманын партиялык жарыш боюнча атаандашы Хиллари Клинтон да сүйлөп, АКШ-Израиль достугу жөнүндө дээрлик ошол эле сөздөрдү айтты. Бир эле айырма - сенатор айым бир да жолу президент болуп калса эмне кылаарын айткан жок.

XS
SM
MD
LG