Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

КЛИНТОН ЖАРЫШТАН ЧЫГАТ, ОБАМА ОРУНБАСАР ИЗДЕЙТ


Ушул ишембиде АКШда сенатор Хиллари Клинтон президенттик жарыштан чыкканын ырасмий түрдө жарыялаганы жатат. Анын партиялаш атаандашы сенатор Барак Обама --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/66E66A40-F78D-46C6-B868-A13E4851F194.asp болсо өзүнө орунбасар – вице-президенттикке талапкер издөөгө киришти. Обаманы жеңишин бийликтеги президент Жорж Буш “тарыхый окуя” деп атады.

АКШнын мурдагы биринчи айымы мындан бир нече күн мурдагы сөзүндө партиялаш көп ишмерлер ич ара атаандаштыктын уланышын каалабай, январдан бери эле өнөктүгүн токтотууга чакырып келгенин,ошол эле учурда ар бир ирет аны колдоп добуш берип жатышканын белгилеген эле. Деген менен ага эми күрөштөн чыкканга туура келет. Муну Хиллари Клинтон ишемби күнү Вашингтондогу жолугушууда ырасмий түрдө моюнга алып, Барак Обамага колдоо билдиргени жатат.

Сенатор Обама болсо атайын топ түзүп, вице-президенттикке кандидат издөөнү табыштады. Обаманы демократтар августтагы курултайда ырасмий түрдө партиянын президенттикке талапкери кылып аташмакчы. Эгер Обама макул болсо жана партиялык лидерлер ылайык көрсө, анда Хиллари Клинтон күздөгү шайлоодо анын өнөгү болуп калышы да ажеп эмес.

Америкалык аналитиктердин бири Питер Фенн муну мыкты чечим болот эле деп эсептейт. Демократтарга Клинтон ”жумушчулардын, улгайган курактагы адамдардын, аялдардын жана испан тилдүү шайлоочулардын добушун алып бермек, иши кылып, бул тандем өтө күчтүү вариант болмок”,- дейт эксперт.

Анын үстүнө мурдагы биринчи айымды колдогондордун 30 проценттен ашууну демократтардан Обама талапкер болсо, анда ноябрда республикачыл сенатор Жон Маккейн үчүн добуш берерин эскертишти.

Маккейн Обаманын олуттуу атаандаш экенин моюнга алды. “Бирок мен күрөшкө даярмын жана өз өнөктүгүмдү чынчыл, патриоттук маанайдагы адамдар сыймыктана алгыдай, лидерликти мага ишенип бергидей кылып өткөрөм”, - деп билдирди ал.

Обаманын жеңишин президент Жорж Буш “тарыхый окуяга” теңештирди. Сенаторду куттуктап, партиялык талапкерлер жарышын биринчи ирет афроамерикалык саясатчы утуп алганын “АКШ канчалык чоң жолду басып өткөнүн көрсөткөн” далилге чегерди. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс болсо Обаманын жеңишин “АКШ үчүн шүйшүнөрлүк окуя” деп атады.

Обаманын тарапкерлери да андан жаңы өзгөрүүлөрдүн жышаанын көрүп жатышат. “Эгер силер эртең мен тарапта болсоңор, эгер эртең мени колдоп добуш берсеңер, анда мен силерге сөз берем – баарыбыз бирге талапкерлик ички жарышты эле эмес, жалпы улуттук шайлоону да утуп алабыз, биргелешип өлкөнү өзгөртөбүз! Биргелеше дүйнөнү өзгөртөбүз!” – деп айткан эле Обама апрелде өз тарапкерлерине.

Байкоочулар Обама биринчи убадасын аткарды дешет. Эмки кезекте күзгү кармаш турат. Эгер аны да утуп алса, анда өлкөгө өзгөрүү келиши мүмкүн. Бирок ал шайлоочулардын үмүтүн актайбы, муну келечек көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG