Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

АКШ: ЭКИ ТАЛАПКЕРДИН ИРАН САЯСАТЫНА КАРАТА ПИКИРИ АР БАШКА


Кошмо Штаттары Иран менен түз сүйлөшүүдөн караманча баш тартып келатканы маалым. Бирок келерки президенттик шайлоодон кийин Вашингтон администрациясы Тегеран бийлиги менен түздөн түз мамиле түзүп калышы ажеп эмес. Президенттикке Республикачыл жана Демократиялык партиялардан көрсөтүлөт деп күтүлүп жаткан талапкерлердин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/87B72996-7C9E-435F-B784-8D216780B999.asp кайым атышуусунан мына ушундай жыйынтык чыгаруу мүмкүн.

АКШда президенттик шайлоо чындап күчүнө кире баштаган ушул тапта өлкөнүн Иранга карата саясаты талкуулардын чордонуна айланууда.

Демпартиядан көрсөтүлөт деп күтүлгөн сенатор Барак Обама Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен сүйлөшүүгө көңүлдүү экендигин кайрадан бышыктады. Ал президент болуп калса жана мындай сүйлөшүү АКШ менен Израилдин коопсуздугуна шайкеш келсе, Иран жетекчилери менен алака түзүүгө даяр экендигин мындайча билдирди:

- Айрымдар буруп айтып атышат. Мен сүйлөшүш үчүн гана биздин кусаматчылар менен беттешпейм. АКШнын президенти катары мен Ирандын жетекчилери менен өзүм туура көргөн мезгилде жана жерде, ошондой эле Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгына туура келсе гана, Ирандын тийиштүү лидерлери менен катаң жана чечкиндүү дипломатия жүргүзмөкмүн. Мен ушуну тактап койгум келет.

Обама Ахмединежад менен сүйлөшүүгө барышы мүмкүн экендигин биринчи жолу былтыр жайда Демпартиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин өз арасындагы талкуусунда айткан эле. Аны республикачылар да, өзүнүн демократ атаандашы сенатор Хиллари Клинтон да аесуз сынга алган.

4-июнда Луизианада кабарчылар менен жолукканда президенттик ат салышка Республикачыл партиядан катышат деп күтүлүп жаткан МакКейн Обаманын турумун кайрадан сындады:

- Сенатор Обама эч кандай шарт койбостон, Ахмединежадга окшогон киши менен бир үстөлгө отурам дейт. Туугандар, бул туура эмес, бул тажрыйбасыздык, акыл калчоону билбегендик.

МакКейн Обаманы эки күн мурда Америкалык-израилдик коомдук иштер комитетинде да сынга алган эле.

Ирандын учурдагы президенти Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттер миллиондогон жөөттөрдү кырган "холокост окуялары болгон эмес" деп айтып келет. Ахмединежад ошондой эле "Израил жер үстүнөн жок болушу керек" деп эсептейт.

Мындан тышкары, Кошмо Штаттары жана анын союздаштары "Иран өзөктүк курал жасап жатат” деп шектенишет. Ушуга байланыштуу өзү бейрасмий ядролук держава деп саналган Израил бул өлкөгө каршы санкцияларды кескин күчөтүүнү талап кылууда.

Аталган комитетте шаршембиде чыгып сүйлөгөндө Барак Обама Иран тууралуу алданып жатпаганын, бирок эгер Жакынкы Чыгышта Америка обочодо калса, бул Израилдин коопсуздугуна коркунуч келтирип, АКШнын алсыздантаарын билдирди. "Ал эми президент катары мен эч качан Израилдин коопсуздугу боюнча мунасага бара албайм" деп айтты АКШнын президенттик шайлоосуна демократтардан талапкер болот деп күтүлүп жаткан сенатор.

XS
SM
MD
LG