Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

ТЕМИР САРИЕВ: БАЙБОЛОВ СЫЯКТУУ КАРЫЛУУ ИШКЕРЛЕРДИ СЫРТКА КУУП ЖАТЫШАТ


“Азаттыктын” таңкы уктурууларына “Ак Шумкар” --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/164EC16E-54EF-4EB3-A44D-316F2DEF8937.asp партиясынын теңтөрагасы Темир Сариев катышты.

- “Ак шумкар” партиясы “Ата мекен” партиясына кошулуп күчүн жоготту деген кептер коомчулукка айтыла баштады эле. Бир дaары муну “Ак шумкардын” лидери Кубатбек Байболов баш болгон белгилүү инсандардын саясаттан четтеши менен дагы байланыштырып жиберишти. “Ак шумкардын” учурдагы чабыты кандай?

-Алсырады деп айткандары туура эмес. Былтыр коомчулуктун, бир топ саясатчылардын, бейөкмөт уюмдардын башында турган адамдардын талабы менен шартка ылайык биз “Ата мекен” партиясынын астында бирдиктүү оппозициялык тизме менен барганбыз. Бирок “Ак шумкар” партиясы жабылган эмес. Былтыркы өткөн шайлоо ачык, таза болсо биз утмакпыз. “Ак жол” партиясы бүгүн парламентке келип бирин-бири тааныбай отурушат. Ал эми “Ата мекен” партиясынын бирдиктүү тизмеси менен чыккан саясатчылар элдин жүрөгүнөн орун алган. Бирок турмуш деген көп кырдуу болот, саясат өзгөрүп турат. Жакында “Ак шумкар” партиясынын саясий кеңешинин отуруму болуп, ошонун талабы менен “Ак шумкар” партиясынын ишин кайра жандандыруу кабыл алынган. Биз ошонун үстүндө иштеп атабыз. Азыр 21-июнда съезд болот. Ошого даярдык көрүп атабыз.

-“Ак шумкар” партиясы Бишкек менен Чүйдүн батыш тарабында кадыр-барктуу, калган райондордо аты-жыты жок деген пикирлер да айтылып атат. Буга кандай карайсыз?

-Жок, биз былтыркы шайлоонун анализин карап көргөндө, эбегейсиз чоң колдоого алынган. Ошонун ичинде “Ак шумкар” партиясынын баштапкы уюмдары, анын күйөрмандары аябай катуу иштеген. Биздин позициябыз Таласта, Токтогул, Ташкөмүр шаарларында, Нарында, Атбашыда, Кочкордо, Ысыккөлдө күчтүү. Бул көп саясатчылар көралбастыктан, Акүйдүн арыгын чаап жүргөн кээ бир балиттехнологдор, саясат таануучулар атайын чыгарган сөз. Чынын айтсак, бизде түштүктө дагы абдан жакшы колдообуз бар. Күн сайын түштүктөн адамдар келип жолугуп атышат, алар менен жолукканда да билем.

-“Ак шумкар” оппозициялык партия бойдон эле кала береби, же центристтикпи?

-Жок, биз бүгүнкү бийликтин кылып жана кылбай жаткан иштерине сын көз караш менен ачуу чындыкты айтып турган партиябыз. Ошондуктан бизди оппозициялык көз караштагы партия деп тааныса болот.

-Ал эми “Ата мекен” партиясы менен кызматташуунуздар өз күчүндө кала береби?

-Бир гана “Ата мекен” партиясы менен эмес, биздин позицияны, ойду, тилекти, биздин принциптерди колдогон бардык партиялар менен бирдиктүү болобуз деп өзүбүздүн билдирүүбүздү жасаганбыз. Ошонун ичинде эгерде эртеңки күндө кандайдыр бир чогуу иш чараларды көрсөк, “Ата мекен” партиясы менен деле чогуу чыгабыз.

-Президент бүгүн Санкт-Петербургга барып, ал жерде эл аралык экономикалык форумга катышаары боюнча кеп болду. Сиз экономист катарында айтып кетсеңиз, азык-түлүк коопсуздугу боюнча бүгүн Кыргызстанда кандай алдын ала иштер жүргүзүлүп атат. Ушуга Кыргызстан даярбы?

-Тилекке каршы өкмөттүн экономикалык саясаты жок, мамлекеттин да саясаты жок. Чачыраган кыргызды үч жылдын ичинде чогултса болот эле. Андай кылбай, бизде иштеп аткан ишкер адамдардын баарын тең сыртка кууп атат. Мына ошол эле Байболов, алардын Кыргызстанда чоң иш кылган бизнеси бар болчу. Мына Өмүрбек Абдрахманов деген убагында демократ болуп чыккан, чоң заводу бар эле, аларды дагы азыр кууп сыртка кетирип атат. Ушуга окшогон адамдардын баары сыртка кетишти. Экономикалык саясат жок. Ал эми азык-түлүк коопсуздугу боюнча алдын ала иш чараларды көргүлө деп атабыз, көрүшкөн жок. Мына өзүңөр көрүп атасыңар, кыш катуу суук болуп бир топ күздүктөр үшүп кетти, жаз кургакчыл болуп, азыр жамгыр жаабай эгин өспөй эле баш алып кетип атат. Эгерде биз шашылыш чараларды көрүп, коопсуздук кеңешинде ушуну атайын карап, элге ачык айтып болуп турган нерсени, эмнеге даярданышыбыз керек деп, ушулардын барын чыгарбаса жакын арада азык-түлүк коопсуздугу абдан кыйын абалга туш келип калат.

XS
SM
MD
LG