"Россиянын тышкы саясатын Медведев жүргүзөбү же Путин жүргүзөбү?" деген суроо - АКШдагы элчи Юрий Ушаков өкмөттүн аппарат жетекчисинин тышкы саясат боюнча орунбасары болуп дайындалган соң өзгөчө күчөдү. Көпчүлүк серепчилер карыя-дипломаттын Путиндин тышкы саясат боюнча масилээтчиси болуп келишин, тышкы иштер министри Лавровдун бийлик вазийпасын чектөө аракети катары баалашты.
Николай Злобин Вашингтондогу Дүйнөлүк коопсуздук институтунун Россия жана Евроазия долбоорунун башчысы. Анын пикиринче, Путинде тышкы саясаттын чылбырын колдон чыгарчу түрү жок:
-Россиянын тышкы саясатын башкаруу өзгөрүп жатканы анык. Ушаковдун Москвада пайда болуусу бул жараяндагы орчундуу окуя. Менин оюмча, мындай адамдын өкмөт секретариатына кошулуусу тышкы саясат мындан ары ушул жактан аныкталарын күбөлөчү факт.
Байкоочулар арасында Путин жана Медведев тышкы саясатты өз ара макулдашып жүргүзүүдө дегендер да бар. Вашингтондогу Никсон борборунун талдоочусу Николас Гвоздев, президент жана премьер атайылап бири жумшак, экинчиси катаал саясатты карманууда деп боолгойт:
- Менин оюмча, бул "жакшы полиция, жаман полиция" дегенге окшоп кетет. Бирок, алар тышкы саясаттын түрдүү аспектерин бөлүшүп алууга аракет да жасашууда деп ойлойм. Бул ишке ашпай калышы мүмкүн. Медведев ишкер катары келишимдерге кол койот, кызматташуунун пайдалуу жактары жөнүндө сүйлөшөт. Ал эми Путин бышыккан адам ирети ядролук коопсуздук жөнүндө сүйлөшөт.
Башмыйзамга ылайык, өлкөнүн тышкы саясатын президент жетектейт. Деген менен, Путин майда Францияга барганда президент Саркозинин ага сый тамак берүүсү, анын "Le Monde" гезитине берген интервьюсу, Путин алиге тышкы саясаттын чылбырын колдон чыгарбаганын көрсөттү. Москвада чыкчу "Россия глобалдык саясатта" журналынын редактору Федор Лукьянов да Батыш дале Путинге Кремлдин тышкы саясатын жүргүзгөн адам катары мамиле кылат дейт:
- Мисалы, анын Франциядагы сапары Батыш эч нерсени талап кылбаганын жана азыркы статус квого макул экенин көрсөттү. Башкача айтканда, Франция Путинди премьер-министр эмес, мамлекет башчысы ирети кабыл алды. Муну эч ким жашырбады.
Кошмо Штаттарда да Россиянын саясатын Путин аныктайт деген пикир кеңири жайылганын вашингтондук серепчи Гвоздев да ырастайт:
- Вашингтондо көпчүлүк адамдарда Путин менен иштешүүнү токтотпоо керек деген жаңылыш түшүнүк бар экени мен үчүн өтө кызык. Ал АКШ үзбөй мамиле күтчү зарыл адам.