Беш айыпкердин ичинен эң бараандуусу жана “баалуусу” делинип Халид Шейх Мохаммед эсептелет. Айтымда, ал мартабасы жагынан “Ал-Каиданын” үчүнчү төбөлү болгон. Мохаммедди 2003-жылы Пакистанда кармашкан. Тергөө учурунда ал Нью-Йорктогу жана Вашингтондогу балааматтардын баарын, андан тышкары ар кайсы өлкөлөрдө дагы отуздай террордук иштерди уюштурганын моюнга алды.
Процесс башталганда соттун төрагасы полковник Ральф Колманн кокус күнөөлөрү далилденсе айыпкерлерге өлүм жазасы чыгарыларын эскертти эле, буга Мохаммед: “Менин каалаганым дал ушул, көптөн бери эле азапкер болуп өлгөндү көксөп жүрөм”,-деп жооп берди. Анын сөзүн Рамзи Биналшиб да кайталады. Америкалык чалгындоо мекемелери террорчулардын 11-сентябрдагы иштерине Биналшиб башкы баш-көзчү болуп дайындалган, ал самолетторду басып алгандардын бири болмок, бирок өз маалында виза алалбай, кечигип калган дешет.
Айыпкерлердин баары аларга дайындалган адвокаттардын кызматынан баш тартышты. “Американын арамы конституциясына тиешеси бар” юристтер менен кызматташпайм, деп айтты Мохаммед.
Аскери трибуналдын өкүлдөрү процесс калыс болоруна, айыпкерлердин бардык каяша танык-далилдери эске алынарына ишендиришүүдө. Трибуналдын башкы прокурору, полковник Лоренс Моррис аскери комиссиянын иши кылдат, адилет жана ачык системада, Кошмо Штаттарынын бардык сотторунда каралгандай тартипте өткөрүлөт деп билдирди.
Аскери трибунал 11-сентябрдагы кыянаттарга катышкан чет элдик жарандарды соттоо үчүн атайын түзүлгөн орган. Анын мыйзамдуулугу адистер менен эксперттер арасында алиге чейин талашка түшүп келатат. Аскери комиссиянын юрист-кеңешчиси, генерал Том Хартманн бул органда коргонуу стандарттары эл аралык бардык трибуналдарга караганда алда канча жогору деп эсептейт. Ал эми Жорж Вашингтон университетинин профессору, юрист Жонатан Тэрли аскери комиссиялар үчүн Буштун администрациясы түзгөн процессуалдык нормалар сот иштеринин адилеттүүлүгүн кепилдей албай турганын, анын үстүнө айыпкерлерден көрсөтмөлөр кыйноо жолу менен алынганын белгиледи.
Гуантанамодо америкалык адвокаттардын бири Жон Жэксон бейшемби күнү процесс башталганда эле айыпкерлерге кысым жасалганын билдирди. “Бүгүн сот залынан, комиссиянын бөлмөсүнөн өзүңөр көрдүңөр – бул сот эмес, күлкү”, - деп айтты ал процесске монитордон көз салып турган журналисттерге.