Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

МЕДВЕДЕВ КМШ ӨЛКӨ ЛИДЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Эл аралык экономикалык форум өз ишин баштады. Бул форум ушуну менен экинчи ирээт өтүп жатат. Аталган форумдун алкагында КМШ лидерлери --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/35935D90-5E75-4972-A12A-28C7F23ACE71.asp Орусиянын лидери Дмитрий Медведев менен жолугушууда. Бейрасмий жолугушуу эки тараптык мүнөздө өтүп, анда Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев Украина, Грузия, Армения, Азербайжан сыяктуу мамлекеттер менен болгон эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулашууда.

Санкт-Петербургдагы КМШ лидерлери менен бейрасмий жолугушууда Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев ар бир өлкө башчысы менен өз алдынча сүйлөшүп, олуттуу маселелерден кеп козгой турганы буга чейин дагы айтылып келген.

Маселен, орус лидери Медведев украин президенти Виктор Ющенко менен жолугушуусу маалында аны Севастополдогу орус аскерий деңиз базасы боюнча бир тараптуу кадамдарга барбоого чакырды. Медведевдин оюнча, Украинанын НАТОго кирүү долбоору эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына каршы келет. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарчыларга маалымдады. Лавровдун айтымында, келээрки жылы орусиялыктар Украинага газды эки эсе кымбат баада сатаары күтүлөт.

-2009-жылдын 1-январынан тарта Борбор Азия өлкөлөрү көгүлтүр отту европалык баа менен сата баштайт. Борбор Азия газы Украинанын газ балансынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Көгүлтүр от Орусиянын аймагы аркылуу өтөт, андыктан Орусиянын президенти Украинанын лидерине болгону ушуну эскертти. Буга байланыштуу Украинага сатыла турган газдын баасы кыйла кымбат болот.



Грузиянын президенти Михаил Саакашвили жана Орусиянын лидери Дмитрий Медведев

Медведев менен Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин жолугушуусу учурунда орус-грузин мамилелери талкууланары күтүлүүдө. Молдова президенти Владимир Воронин менен Дмитрий Медведев Днестр боюндагы талашты басуу жана соода-экономикалык байланыш тууралуу кеп козгосо, түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуудан кийин июль айынын этегинде Медведевдин Ашхабат жана Бакыга иш сапары менен бара турганы маалым болду.

Серепчилер КМШ өлкөлөрүнүн бейрасмий саммити кыйла оор болорун буга чейин эле болжолдоп келишкен. Интерфакс маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Украинанын лидери Виктор Ющенко менен жолугушуу учурунда президент Дмитрий Медведев “эгерде Украина НАТОго кирүү аракетинен баш тартпаса, анда бул жагдай эки өлкө ортосундагы келишимди бузууга жатат” деп эскерткен. Бирок Ющенко НАТОго кирүү мүдөөсүнөн баш тартпай тургандыгын журналисттерге кабарлады.

Ал эми Грузия президенти Михаил Саакашвили менен Медведевдин жолугушуусу учурунда эң башкы маселе Абхазия болду. Маалым болгондой Абхазия маселеси буга чейин эки өлкө ортосундагы тирешүүлөргө себеп болуп келген.



Армения лидери Серж Саркисян жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведев

Азербайжан лидери Илхам Алиев менен Армения лидери Серж Саркисян менен жолугушуу учурунда Дмитрий Медведев Тоолуу Карабак маселесин жөнгө салуу тууралуу кеп кылды.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен орус президентинин жолугушуусу эртеңки күнгө белгиленген. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, анда эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болот:

-Эртең ошол форумдун ишинин жүрүшүнүн убагында биздин мамлекет башчыбыз Россиянын президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү багыттары боюнча эки мамлекет башчы пикир алышмакчы.

“Ата мекен” партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевдин баамында, Орусия менен Кыргызстан лидерлери сүйлөшө турган маселелер арбын. Бирок эң негизги эки маселе талкууланышы ыктымал:

- Менимче, Орусиянын Кыргызстанга карата эң биринчи кызыкчылыгы – Кыргызстандын энергетика жана суу ресурстары. Экинчиден, КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы коопсуздук маселеси талкууланышы мүмкүн. Менимче, суу, энергетика, андан соң коопсуздук маселелери талкууланышы ыктымал.

Бул жылы өтүп жаткан бейрасмий саммитке КМШ өлкөлөрүнүн бардык лидерлери катышууда.

XS
SM
MD
LG