Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

14:22 “Де-факто” гезити апелляциялык арызын шаардык сотко ушул жумада берет


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди. Анын айтымында, Биринчи Май райондук соту тарабынан гезит редакциясына салынган бир миллион сомдук айыппулду төлөсүн деп, 1 сомдон акча чогулткан окурмандардын акциясы уланып жатат. Акыркы маалыматка караганда, Бишкектеги 19 миң 780 окурман редакцияга бир сомдон алып келип берди. Андан тышкары Талас, Нарын, Каракол жана Ош шаарларында түзүлгөн гезитти колдоо комитеттери да окурмандардын өз ыктыяры менен берген бир сомдуктарын чогултуп жатышат. Жалалабат облусунун Базаркоргон жана Ноокен райондорундагы окурмандардын арасынан атайын демилгелүү топ түзүлүп, алар да бир сомдон чогултуп жатышкандыгын кабарлашты. "Бакиевдерге жардам!" деген акция алдында чогулган акча тууралуу алгачкы жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланат. "Бир сомдон көп акча берип колдоо көрсөтөйүн деп көп адамдар кайрылууда, бирок эркин гезитке бут тоскон сот менен бийликке каршылык билдирүү максатында принципиалдуу түрдө бир сомдон гана чогултулууда”,-дейт Ч.Орозобекова. (BD)

XS
SM
MD
LG