Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

7:12 Укук коргоочу Максим Кулешовго Токмок шаардык соту сыртынан айып такты


Сот аны 15-майда “Президентке кызматынан кетүүгө жардам беребиз” аттуу акция уюштурганы үчүн “нааразылык чараларын өткөрүү эрежесин бузду” жана “милициянын мыйзамдуу талабына баш ийген эмес” деп таап, айып пул салган. Бирок 27-майдагы мындай сот чечими тууралуу укук коргоочу кийин соттун ага жазган катынан улам билген. Сот иши анын жана адвокатынын катышуусуз жүргөнүн бүгүн укук коргоочу Максим Кулешов өзү билдирди. Минтип сырттан айыптоону укук коргоочу саясий кысым катары баалап, аны авторитардык режимге мүнөздүү көрүнүш катары сыпаттайт.(SM)

XS
SM
MD
LG