Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

11-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз элдик ырларын чогултууда албан иш аткарган музыкачы-этнограф А. В. Затаевич 1928-жылы Кыргызстанга чакырылган. Бишкек шаардык бийлигинин 1994-жылдын 11-июнь күнкү чечимине ылайык борбордо чукул санитардык абал киргизилген.

Кыргызстанда жашаган аз калктардын сабатын ачуу иши 1927-жылдан тарта кызуу жүргүзүлө баштаган. Кыргыздын тунгуч агартуучусу, окумуштуу Касым Тыныстанов ушул жылдын аягында уйгур алфавитинин долбоорун жыйынтыктап, андан соң дунган алфавитин түзүүгө киришкен. Дунган алфавитин түзүп, аны калк арасына жеткирүү максатында, дунган калкынан чыккан мугалимдерди даярдоо жана илимий конференцияларды уюштуруу иши белгиленген. Дунган кеңешинин чечимине ылайык 1928-жылдын бу күндөрү калк арасында жаңы дунган алфавитинин мааниси туурасында агартуу иштери жүргүзүлө баштаган.

Кыргыз элдик ырларын чогултуп, аларды жарыялоо жагынан музыкачы-этнограф А. В. Затаевич албан иш аткарганы маалым. Таанымал мызыка таануучуну Кыргызстанга чакырып, элдик ырларды чогултуу ишин Кыргыз академиялык борбордун жетекчиси Т. Жолдошев колго алган. Кыргыз академиялык борбордун демилгеси менен А. В. Затаевич Москва шаарынан чакырылып, ал аткарган иштин сыйлык көлөмү өзүнчө келишим түрүндө түзүлгөн. Адисти Кыргызстанга чакырган телеграммага Кыргыз академиялык борбордун жетекчиси Т. Жолдошев 1928-жылдын 11–июнь күнү кол койгон.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку соту 1948-жылдын 11-июнунда Фрунзе шаардык № 490-сактык кассасынын 13 кызматкерине козголгон кылмыш ишин кароону бүткөрдү. Жогорку соттун бүтүмүнө ылайык аталган кызматкерлердин бардыгы күнөөлүү деп табылган. Советтер Союзунда өткөрүлгөн акча реформасынан кийин сактык кассанын кызматкерлери мыйзамсыз акча жүгүртүшүп, мамлекетке 662 миң рубль көлөмдө зыян келтиришкен. Жогорку соттун өкүмү менен операциялык бөлүмдүн башчысы 25 жылга, калган кызматкерлер 10дон 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки кезектеги оор сыноо 1994-жылдын жай айында башталды. Айрыкча борбор шаарда башаламан базар алааматы каптап, акыр-чикирлер көчөгө төгүлүп, санитардык абал кескин начарлаган. Анын натыйжасында, борбор шаарда ич келте, дизентерия сыяктуу жугуштуу оорулар күч алган. Бишкек шаардык бийлигинин 1994-жылдын 11-июнь күнкү чечимине ылайык борбордо чукул санитардык абал киргизилген. Шаардык бийликтин чечимине ылайык ылдам бузула турган тамак-аштарды көчө каптаган базарларда сатууга тыюу салынган.
XS
SM
MD
LG