Падышалык бийлик 1886-жылдын 12-июнунда «Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы» жобо кабыл алган. Падышалык бийлик Түркстан чөлкөмүн - Сырдарыя, Фергана, Самарканд облустарына бөлүнгөн. Облусттар өз кезинде - уезд, шаардык, айылдык бийликтерге ажырап, алардын ар биринде сот бийлиги иштей баштаган. Мындан тышкаары «Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы» жобосунда ар бир бийлик баскычынын укук жана бийлик ыйгарымы белгиленген.
Түркстан чөлкөмүнүн Мусулмандар кеңешинин 1917-жылдын бу күнкү чогулушунда баардык шаар, уезддик, волосттук мусулмандар кеңешин бириктирүү туурасында чечим чыгарылды. Мусулмандар кеңешинин мындай бүтүмгө келишине, алардын ар кимиси өз «көмөчүнө күл тартып» жалпы ишке кедерге келтириши себеп болгон. Чогулушка Түркстан чөлкөмүнүн Мусулмандар кеңешинин төрагасы Мустафа Чокаев жана катчы Ахмед Зеки Валиди катышкан.
РКП (б)нын Борбордук комитетинин улуттук республикалар жана облус жетекчилери менен өткөргөн IV жыйыны 1923-жылдын 12-июнунда соңуна чыкты.
1924-жылдын 12-июну Орто Азия калктарынын тарыхы үчүн маанилүү дата. Бу күнү РКП (б)нын Борбордук комитети «Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү туурасында» токтом кабыл алган. Партия чечимине ылайык Орто Азиядагы улуттук мамлекеттик биримдиктер пайда болуп, кийин ал XX кылымдын соңундагы күңкорсуз өлкөлөрдүн жаралышына негиз болуп берди.
Борбор шаардын Эмен паркындагы Сүрөт галереясында 1938-жылдын бу күнү сүрөтчү Семен Чуйковдун биринчи чыгармачыл көргөзмөсү ачылды. Салтанаттуу ачылышта С. Чуйковдун «Кыргыз эне» атуу чыгармасы Түштүк Африка союзунун Йоганнесбурс шаары тарабынан сатылып алынганы айтылды.
РСФСР Жогорку Кеңеши 1990-жылдын бу күнү мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алды. РСФСРдин сувереритет туурасындагы декларациясы СССРдин мамлекет катары сакталышына түздөн-түз сокку уруп, кийин анын ыдырашына себепкер болгон.
Бу күнү, 1940-жылы кыргызстандык акын Сүйөркул Тургунбаев жарык дүйнөгө келген.