Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

СУУ БАШЫ ЭСКЕРТЕТ: СУУ-ЭНЕРГЕТИКА БОЮНЧА КЕҢЕШЕЛИ


Борбор Азия регионундагы мамлекеттер региондун суу-энергетикалык ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча орток пикир таба албай келишет. Аны чечүү үчүн регионалдык суу-энергетикалык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/9E1D6865-AFE8-45FA-A77C-2B63543137A6.asp консорциум уюштуруу сунушталган. Бирок алар ишке ашпай келатат. Кыргыз президенти бул маселе чечилбесе региондо кырдаал курчуп, катуу конфронтация пайда болуш ыктымалдыгын эскертти.

Президент Курманбек Бакиев өткөн жума соңунда Санкт-Петербургда болгон форумда Борбор Азия регионундагы суу-энергетикалык ресурстарын башкаруунун механизмдери иштелип чыкпаса, анда регион мамлекеттери суу-энергетикалык конфронтацияга бата беришет, деп билдирген. Белгилүү болгондой суу башы болгон Кыргызстан менен Тажикстан суу сактагычтарын энергетикалык режимде, башкача айтканда жай мезгилинде сууну топтоп, кышында аны электр энергиясын өндүрүүгө жумшоого кызыкдар. Казакстан менен Өзбекстандын кызыкчылыктары болсо ага туура келе бербейт. Алар суу-сактагычтардын энергетикалык эмес, сугат режиминде иштешин каалайт.

Ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алуу үчүн регион мамлекеттери жыл сайын бир жылдык келишим түзүп келет. Бирок быйылкы жылы андай жолугушуулар боло элек. Белгиленген бир нече жолугушуу үзгүлтүккө учураган маалым.

Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун 9-июндагы билдирүүсүнө караганда, 10-июнда регион мамлекеттеринин өкүлдөрү Бишкекте жолугушат:

-Эртең бизге үч өлкөдөн келишет. Алдын ала макулдашылгандай, биринчи иретте төрт тараптуу келишим түзүлөт. Анан ошонун негизинде ар бир өлкөлөр менен эки тараптуу келишимдер түзүлүп, иштей баштайбыз.

Мына ошол төрт тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин гана Кыргызстан коңшу өлкөлөргө суу бере баштайт. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу Балкыбеков буларды маалымдады:

-Токтогулда азыркы мезгилге карай 8 миллиард куб метр суу топтолду. Октябрь айына чейин 12 миллиард кубка чыксак деп болжолдоп жатабыз. Эгерде 12ге чыксак кышында жетиштүү болот.

Быйыл суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясы да коңшу мамлекеттерге аз экспорттолоорун Балкыбеков кошумчалай кетти.

Кыргызстандын суу-энергетика боюнча адистеринин бири Базарбай Мамбетовдун пикиринде, регион мамлекеттеринде суу-энергетика тармагында өтө күчтүү конфронтация жок. Бирок биргелешип кызматташуу зарылдыгы жогору:

-Канча жылдан бери айтып жатабыз, суу-энергетика ресурстарын башкарышыбыз керек деп. Курманбек Бакиев Санкт-Петербургда туура айткан. Борбордук Азияда суу, энергетика боюнча баарыбыз чогулуп, башкарып, макулдашып иш кылбасак болбойт. Суудан да, энергетикадан да өксүп калабыз.

Коншу мамлекеттерге азыр суу керек жана алар аны Бишкектен сурап жатат. Бирок келерки кыштын камы жакшы көрүлбөй жатканын Кыргызстандын оппозициялык саясатчылары азыртан эскертүүдө. Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын депутаты Роза Отунбаева Бишкек ТЭЦинде кышка даярдык такыр жоктугун билдирет:

-ТЕЦтин ремонттук иштеринин 15% гана бүтүптүр. Аны газ, көмүр менен камсыздоонун дайыны жок экен.

Министр Балкыбеков кышка даярдык эми гана күчөөрүн айтса, Бишкек ТЕЦинин башкы инжинери кышка даярдык жана ремонт иштери боюнча бир жактуу баа бере албасын айтуу менен жооп берүүдөн тайсалдады.

Регион мамлекеттеринин энергетика адистери бүгүн мына ушул күйгөн маселелер боюнча Бишкек жыйынында орток пикирге келише алабы, аны мезгил аныктайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG