Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:22

БЕЛАРУС: ОППОЗИЦИЯ ЖАШТАРДЫ ЖОГОТУУДАБЫ?


Беларуста кезектеги парламенттик шайлоо ушул жылдын сентябрында өтүшү мүмкүн. Ал эми президенттик шайлоого али көп бар, мыйзам боюнча ал 2011-жылы болушу керек. Буга окшогон саясий өнөктүктөр президент Александр Лукашенконун режими тарабынан аёоосуз куугунтукталып келе жаткан беларус оппозициясы үчүн саясий сахнага чыгуунун саналуу мүмкүнчүлүгү. Бирок ошол эле учурда оппозициянын азыркы абалына көз чаптыргандар, алар өзгөчө жаш муундун колдоосунан ажырап жатканын белгилешет.

Беларус оппозициясынын жетекчилер курамынан азыр да 1994-жылдын июлунда президент Александр Лукашенко адеп бийликке келгенге чейин эле таанымал саясий ишмер болуп калган адамдарды табууга болот. Бирок айрымасы мындан он төрт жыл мурда ал инсандардын коомдогу саясий, социалдык же маданий салмагы жогору эле. Кезинде алар Минскиде башкаруучу режимге каршы көчө демонстрацияларына 50 миңдей адамды чыгара алышса, азыр 2 миң кишинин жыйналышы да оппозиция үчүн чоң жетишкендик катары бааланууда. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Беларус боюнча аналитиги Ян Максимук мунун жүйөөсүн төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Оппозициянын ардагер лидерлери менен беларустардын жаш мууну ортосундагы обьективдүү ажырым - Беларуста оппозициялык партияларга коомдук көңүл буруунун кыйлага төмөндөөсүнүн жообу экендигинде шек жок. Ошондой эле оппозиция тараптан адекваттуу саясий стратегиянын жоктугу жана режим жаш муундун күткөндөрү менен турмуштук муктаждыктарына жооп бере алганынын оппозициялык кыймыл маргиналдашып, атүгүл башкача ойлонгондордун совет доорундагы кейпине түшүп калышында мааниси чоң.

Баш кеңсеси Литванын борбору -Вильнюста жайгашкан көз карандысыз иликтөө мекемеси– Социалдык -экономикалык жана саясий изилдөөлөр боюнча институттун март айындагы сурамжылосуна караганда, беларусиялыктардын 64%ы өлкө көз карандысыздыгын сактагандан мурда, экономикалык кырдаалдын оңолушун маанилүү деп эсептешет экен. Ал эми калктын 24%ы буга макул эмес. Ошол эле иликтөө боюнча көз карандысыздыкка караганда, экономикалык бакубатчылыкка артыкчык бергендер 18ден 29 жашка чейинки курактагылар арасынан 71%ды түзөт экен.

Жогорудагы маалыматтар беларус оппозициясы Александр Лукашенконун саясаты Орусия Беларусту оболу экономикалык андан соң саясий жактан аннекциялап алуусуна алып барат деп ырастоосун улантып жатканына карабай, беларусиялыктар буга тынчызданбаганын көргөзүүдө. Андан да маанилүүсү - социалдык жактан мобилдүү жана билимдүүрөөк деп саналган жаштар улгайган мекендештерине караганда, көз карандысыздык үчүн аз кабатырланганы эмне үчүн?

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Беларус боюнча аналитиги Ян Максимуктун пикиринде, мунун тикелей жообу- Лукашенко улуттук ар намыска караганда, кара курсакты биринчи орунга койгон жаш прагматиктерди көтөрө алганында. Экинчиден, балким, беларустардын жаш мууну оппозиция ырастагандай, Лукашенконун бийлиги астында Беларус көз карандысыздыгын жоготуп аларына жана бул өлкөгө же алардын жеке өзүнө коркунуч туудурарына ишене беришпейт.

Алар биринчи кезекте экономикалык олку-солкулуктан тынчызданышат. Бул коом демократиялык болобу же авторитардык болобу, азыр баары үчүн мүнөздүү көйгөй. Кандай болгон күндө да Литвадагы көз карандысыз институттун тыянактары беларус оппозициясы үчүн жаштарды моблизациялоо жагынан алганда жакшы жаңылык эмес.

Ал эми президент Лукашенко жаштар арасында автократ кыйноочу эмес, эл багар катары кабылданып жатышынын сыры эмнеде? Биринчи кезекте анда жаштардын саясий конформизминин ордуна бере алгыдай зарыл нерселер бар экендигинде. Режимдин жаштарга багытталган маанилүү "белектери" - бекер билим, чет өлкөгө чыгып келүү, экономика жай болсо да авторитардык модернизациядан өтүп жаткан өлкөдө кесиптик карьера жасоо мүмкүнчүлүгү. Мындай шартта оппозиция эмне кылышы керек? "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун беларус боюнча аналитиги Ян Максимук мындай дейт:

-Беларусиялыктардын үчтөн эки бөлүгү өлкөдөгү азыркы саясий абалды коопсуз жана стабилдүү деп эсептеп турган шартта, беларус оппозициясы бийлик системасынын алкагында айрым бир рычагдарга жеткенди кой, маанилүү саясий топ катары сакталып калууну көздөсө, өзүнүн саясий мүдөөсүн, жок дегенде тилин кайрадан карашы керек.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аналитиги Жан Максимук кошумчалагандай, ушундай кайра кароо орун ала турган болсо, бул өлкөдөгү оппозициячыл партиялар президенттик шайлоону эле мелжебестен жергиликтүү кеңештер менен парламенттик шайлоодо орундарды жеңип алуу да президенттик шайлоо өнөктүгүнө катышкандагыдай эле мааниге ээ экендигин аңдап – билүүсүнө көмөктөшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG