Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

ИРАНГА ИРИДЕ ДИПЛОМАТИЯ


Германия башкааласы Берлиндин жанындагы Месеберг сарайында бүгүн АКШ президенти Жорж Буш менен немец канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү өттү. Ирандын өзөктүк программасы, климаттын өзгөрүшү жолугушууда талкууланган маселелердин көч башында болду. Мунун алдында кечээ АКШ –Еврошаркет саммитинде Иранга дагы бир эскертүү жасалып, эгер ал шектүү өзөктүк программасын токтотпосо, Улуттар уюмунун санкцияларынан тышкары да кошумча чаралар көрүлөрү айтылган эле. Жорж Буш Европада кызмат мөөнөтү бүтөр алдындагы коштошуу сапары менен жүрөт.

Жорж Буштун айтымында, Кошмо Штаттар Иранды уран байытуу программасынан баш тартырууга ынандыруу үчүн Европадагы өнөктөштөрү менен катуу иштөөдө. Немец канцлери Ангела Меркел менен шаршембидеги сүйлөшүүлөрүнөн кийинки пресс-конференцияда Буш дипломатия Иранга карата мамиле жасоодогу биринчи ыкма экенин баса белгилеп, бирок күн тартибинде аскерий ыкма да бар экенин жокко чыгарбады:

- Менин биринчи тандоом, албетте, муну дипломатиялык ыкма менен чечүү. Үстөл үстүндө болсо баардык чаралар бар. Биринчи ыкма - проблеманы Иранга азыркы администрациянын ырааттуу саясаты болуп келген кош кабарды жөнөтүү менен биргелешип иштөө аркылуу чечүү. Эгер силер уран байытуу программаңарды көзөмөл астында токтотсоңор, силер изоляциядан кутуласыңар.

Ал эми АКШ менен Евршаркеттин кечээ Словениядагы саммитинин соңунан кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө "биз БУУнун Иранга каршы учурдагы санкцияларын толук жана натыйжалуу пайдаланабыз жана аларды кошумча чаралар менен толуктооого даярбыз",- деп айтылган эле.

Бул аралыкта Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад Батыштын кысымы жана коркутууулары өлкөнүн өзөктүк программасын токтото албаганынын бүгүн дагы бир жолу айтып чыкты. Анын Шахр-е-Хорд шаарынан сүйлөгөн сөзүн мамлекеттик теле түз алып көргөздү. Ахмадинеджад белгилегендей, Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирандын "атүгүл бир сантиметр жерине да зыян келтире" алган жок.

Месебергдеги пресс-конференцияда АКШ президенти Ирак маселесине да токтоло кетти. Саддам Хусеиндин кулатылышын "туура чечим" деп атаган Жорж Буштун ырастоосунда, Багдаддагы карама –каршылыктарга карабай АКШ Ирак менен коопсуздук келишимин түзөрү күтүлүүдө. Ал эми Вашингтондо Иракта туруктуу аскерий базаларды уюштуруу планы жок:

- Мен келишимди колдойм. Себеби ал Ирактын элин азыр күбө болуп жатышкан коопсуз кырдаал уланарына ишендире алат деп эсептейм. Ирактын бир сабагы демократиянын, экономиканын өнүгүшү үчүн коопсуздук керек. Мунун үстүндө биз азыр иштеп жатабыз. Мен буга чейин бир нече ирээт билдиргендей, Иракта америкалык турукту аскерий базаларды түзүү жөнүндө сөз жүргөн жок.

Жорж Буш менен Ангела Меркелдин пресс-конференциясынын бир бөлүгү глобалдык жылуулук маселесине байланыштуу болду. АКШ президентинин айтымында, булганыч газдардын абага бөлүнүшүн кыскартуу боюнча Киото протоколунун ордун басуучу эл аралык келишимге Кытай жана Индия сындуу өнүгүп келе жаткан ири өлкөлөрдүн кириши өтө маанилүү:

- Бул көйгөйдү чечүүдөгү биринчи кадам - көмүр кычкыл газын иш жүзүндө бөлүп чыгарган өлкөлөр бир чекти макуладашуусу. Бул Европа өлкөлөрү ортосунда гана эмес, АКШ Кытай жана Индия менн биргеликте макулдашылышы керек. Чек макулдашылгандан кийин ошол максатка жетүүгө милдеттендирген узак –мөөнөттүү жана утурумдук стратегия иштеп чыгуу абзел.

Тараптар бул багытта Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн келерки айда Жапонияда болуучу саммити учурундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш болоруна ишеним билдиршти. Жорж Буштун Европа сапары келерки дүйшөмбүгө чейин уланат, ал Германиядан кийин Италияга барат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG