Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ч.АЙТМАТОВДУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ДА ЭСКЕРИШТИ


12-июнда Жогорку Кеңеш бул жумадагы алгачкы пленардык отурумуна чогулуп, аны улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду бир минута ордунан туруу менен эскерүүдөн баштады. Анда кийин депутаттар бир катар мыйзамдарды кабыл алды. Алардын арасында судьялардын статусу, балык кармоого убактылуу тыю салган мыйзам долбоорлору болду. Теманы Айданбек Акмат уулу улантат.

10-июнда Германияда дүйнөдөн кайткан Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүүнү Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев сунуштады:

- Сиздердин атыңыздардан Чыңгыз Төрөкуловичтин жакындарына көңүл айтуу менен улуу жазуучубуздун жаркын элесин ордуңуздардан бир минута туруп эскерип коюшуңуздарды суранам

Эскерүүдөн кийин депутаттар жарым сааттык ар кайсы маселелерди талкуу учурунда сел алган аймактарга жардам көрсөтүү маселелерин көтөрдү. Ал эми социал-демократиялык фракциянын депутаты Иса Өмүркулов 11-июнда Бишкекте пикетке чыккан учурда кармалган Чолпонатадагы “Элнур” базарынын соодагерлеринин көйгөйүн айтып чыкты:

- Ошондой көйгөй маселелери менен Акүйдүн жанына келген аялдарды алпарып камап коюшту. Жыйырмадан ашык аялды камашты. Эч бир мыйзамсыз, укуктарын тебелешти. Алардын көйгөйлөрүн угуп, маселени чечкендин ордуна аларды алпарып камап жатабыз. Бул эмне деген бийлик болуп кетти? .

Иса Өмүркулов, бул маселени териштирүүну төрагага сунуштады.

Депутаттар бул күнү Ысыккөл жана Соңкөлдө өзгөчө баалуу балыктарды- форель,карп, чебак, сазанды беш жыл бою кармоого тыю салган мыйзамды кабыл алды. Мыйзам тууралуу депутаттарга маалымат берген айыл,суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев мыйзамда эки көлдө балык кармоого тыюуну эки жылдык мөөнөткө киргизүүнү сунушталганын билдирди. Бирок депутат Бейшебек Акунов аны беш жылга узартууну сунуштады:

- Балык эки жылда өсө албайт. Ошон үчүн беш жылга токтосоңор. Эми балыктын жоктугунан көлдүн үстүндө илгери жайнап жүрчү өрдөктөр, каздар, ак куулар жоголуп кетти.Анткени алардын тамагы жок үчүн келбей жатышат.Урматтуу Арстанбек Иманкулович, сиз президентти ынандырыңыз эки жылдан беш жылга өзгөртүп койсун.

Бул сунушка министр макул болуп, долбоорду жактырды. Андан кийин депутаттар “Судьялардын статусу” жөнүндөгү мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Долбоорду депутаттарга Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева алып чыкты. Анын айтымында, мыйзам кабыл алынса Судьялардын кеңешинин иштөөсүнө шарт түзүлөт жана сот системасынын ишине олуттуу оң таасирин тийгизет. Андан сырткары мыйзам судьялардын көз карандысыздыгын, кол тийбестигин, жоопкерчилигин, материалдык жана финансылык жактан камсыздайт. Мыйзамда судьяларды шайлоо, алардын ыйгарым-укуктарын токтотуунун тартиби, судьяларды жоопкерчиликке тартуунун жол-жоболору да каралган.

Маселен, мыйзамдын 6 беренесинде судьялардын жүрүм-туруму кынтыксыз болуш керектиги жазылган. Судьялыкка талапкерлер үчүн да жаңы талаптар киргизилген дейт Жаңыл Алиева:

- Жергиликтүү судьялыкка талапкерлерге коюла турган талаптар боюнча өтө принципиалдуу жаңылыктар бар. Мыйзамда мурда соттолгон адам жергиликтүү соттун судьясы боло албайт деп жазылган. Мурда мындай талап жок.

Депутаттар көпчүлүк добуш менен мыйзам кабыл алды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG