Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

КЫЛЫМДЫН ЭЛЕ ТООСУ ЭМЕС, КЫРГЫЗДЫН ТООСУ КУЛАДЫ


“Агым” гезити жаңы санын “Бүгүн кыргыз журтунун түндүгү жабылуу, байрактары аза күтүп эңкейип турат” деп баштаса, “Аалам” гезити тажик акыны Турсун-заденин “Дүйнөнү эки Чыңгыз башкарды. Бири кылыч менен, бири калем менен...” деген сөзү менен баштады. “Жаңы ордо” гезити “Кылымды карыткан бир күн” деген рубрика алдында баштемасын “Чыңгыз Айтматовдун акыркы сапары...” деп атады. “Кыргыз туусу” гезити, “Залкардын керээзин ишке ашырабыз”, “Кыргыз менен казактын тоо-талаасын даңазалаган”, “Бардыгыбыз үчүн чоң жоготуу” деген темалар менен жарык көрдү.

“Агым” гезити Эл артисти Ж. Сейдакматованын, Эл жазуучусу Б. Жакиевдин, Эл баатыры С. Эралиевдин, “Замандаш” партиясынын төрагасы М. Өмүракуновдун, драматург Ж. Кулмамбетовдун, депутат Б. Бешимовдун жана “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Улуу Чыңгызды акыркы сапарга узатуу зыйнатына карата айткан ойлоруна орун берген.

“Куюндап булут кыраңдан,
Кубулуп акты булагы.
Кубалап келген ажалдын
Кунсуз жол беле сурагы.
Кунда жок уулун жоготуп
Кумсарып элиң турабы.
Кургуйдан келген канча элдин
Кумайга жашы кулады.
Куранды билген кишиге
Курбунун эле тоосу эмес,
Кудайдын тоосу кулады...” деп айтылат Улуу Айтматовго арналган “Кыргыздын эле тоосу эмес, кылымдын тоосу кулады” деген тема алдындагы жарык көргөн жоктоо ырынын бир жеринде.

Чыкем айткандай “Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат”, келечек муун Улуу Жазуучунун бардык айткандарын жакшы түшүнүп, ар дайым туу катары ыйык тутуп алып жүрөт. Биз буга ишенебиз” деп депутат Бакыт Бешимов айтса, Эл жазуучусу Бексултан Жакиев “Кыргыз аялдары аман турса дагы далай таланттар адабиятта да, театрда да, кинодо да, баарында жаралат. Бирок Чыңгыз Айтматовдой кайдан болсун? Ал бирөө гана болчу, бирөө гана бойдон калат. Чыкебиз бу жалгандан чын дүйнөнүн өлбөстүгүн көздөй сапар алды. Атасы менен Энесинин, Манас баатырыбыздын, далай атактуу агаларынын арбагы жаткан кыргыздын ыйык топурагы ыйманына торко болсун. Чыке өксүтүп кеттиң кыргызды!..” деп каңырык түтөтсө, Эл баатыры Сүйүнбай Эралиев “Биз үчүн Манастан кийинки чоң жоготуу ушул” деп айтты. “Замандаш” партиясы доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу карааны Кантеңирдей уулунан ажырап, канаты кайрылып, кабыргасы кайышып турган турган калың журттун аза кайгысын тең бөлүшөрүн “Замандаш партиясынын төрагасы Муктар Өмүракунов кол койгон көңүл айтуусунда билдирген..

“Аалам” гезити аркылуу белгилүү саясатчы Алмаз Атамбаев, Чыкенин “Сөөгүмдү Ата-Бейитке койгула “ деген сөзүнүн мааниси тереңде жатканын, бул деген атасынын жанынан орун алууну көздөгөндүк эмес, тескерсинче кыргыздарга насаат айтуу менен өлкө кайда баратканын эскертип “37-жылды унутпагыла, авторитардык режимге барбагыла” деп коңгуроо кагып кеткенин, бул түшүнгөндөр үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи. Гезит ушул эле санына өзбек президенти И. Каримов, казак президенти Н. Назарбаев, орусия өкмөт башчысы В. Путин,Франция тышкы иштер министри Бернар Кушнер, тажик президент Э.Рахмон, орус жазуучусу В.Осипов, СССРдин экс-президенти М. Горбачев, кыргыз президенти К. Бакиев, композитор Булат Булбул оглы, атактуу художник Зураб Церетели, мамлекеттик ишмер Т. Усубалиев, экс-президент А. Акаев, профессор Л. Үкүбаева, эл артисти Б. Шамшиев, эл акыны О. Султанов, саясатчы Т. Сариев, “Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулунун Чыңгыз Айтматов тууралу айткан ойлоруна орун берди.

“Мындан бир нече күн мурда, 10-июнь күнү кечинде ооруканада олтурган болчумун. Арийне, Германиянын Нюрнберг шаарына күн сайын телефон аркылуу кабарлашып, эс-түзсүз жаткан Чыңгыз агамдын ден соолугун анын жубайы Мариямдан, уулу Элдардан сурап-билип турган элем. Бөлмөгө санаалаш иним Кудияр Биал, уулум Рауан, келиним Гүлнар кирди. Аларды тосуп алып, оорукананын жыгач төшөгүнө отура бергенимде, тиги төшөк ойлобогон жерден ортосунан как бөлүнсө болобу? Мурда менден дагы салмактуу адамдарга чыдаган төшөк эмнеге ошол мөөнөттө күлталканы чыгып кыйрады?.. Аз убакыттан соң телефон безилдеп, Чыңгыз агайымдын дүйнөдөн кайтканын кабарлашты. Бул кокустукпу же сездирүү, туюм күчүбү, баамдай албадым”. Бул саптар Кыргызстандын эл акыны, Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Шахановдун бүгүн жарык көргөн.

“Кыргыз туусундагы” эскерүүсүнөн алынды. Ушул эле санга Айтматов академиясынын академиги, ойчул Чоюн Өмүралиевдин “Устат” деген макаласы да жарыяланды. Гезит 16 бетинин дээрлик 11 бетин Чынгыз Айтматовдун аза зыйнатына арнап чыккан.

“Жаңы ордо” гезити “Жаныш Бакиев ким?” деген макала жарыялап, анда саясатчылар элдин байлыгын уурдап алгандыктары үчүн Жаныш Бакиевден коркуп, журналисттерге жамандатып жатышканын, Жаныш Бакиев өз ишин мыкты билген адис экендигин, Карагандыдагы милициянын жогорку окуу жайын бүтүргөндүгүн, элине дайыма үлгүлүү кызмат кылып келатканын белгилеп, “аны бул орунга татыктуу эмес деп ким айталат?” деп суро коюп, кайра ага”эчким айталбайт” деп өзү жооп берүү менен, президент Бакиевге анын бир тууганындай эчким жардам бере албастыгын, дүйнөнүн бардык президенттери мындай кызматтарга эң ишенген адамдарын коюшарын кеп кылды.
XS
SM
MD
LG