Иш-чаранын максаты - КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү биргелешип жою жана сапаттуу билим берүүнү өркүндөтүү. Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын айтымында, аталган тармактагы проблемаларды чечүүдө мындай жыйындардын ролу бир топ:
- Бул конференцияда көптөгөн маанилүү маселелер талкууланды. Мисалы Болон системасына өтүү, жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу, илимди өркүндөтүү, бул тармакка жаштарды тартуу жана башка. Көптөн бери Кыргызстанда өтө элек бул жыйын КМШ өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү окуя.
Казакстандын билим берүү министри Жансейит Туймебаев ар бир өлкө өз казанында эле кайнай бербей, билим берүү жаатындагы проблемаларды биргелешип чечүүсү зарыл экенине токтолду:
- Ааламдашуу агымында мамлекеттер саясат, экономика гана эмес билим берүү,илим тармагында дагы кызматташууну жакшыртпаса болбойт. Бул тармактарда учурда көптөгөн проблемалар бар. Андыктан аларды чечүүдө бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Дал ушул максатта чогуу чаран отуруп көйгөйлөрдү талкуулап, биргелешип жасай турган кадамдарды белгилеп алалы деп чогулуп отурабыз.
Конференцияда жогорку билим берүүдө Болон системасына өтүүнүн жол-жоболору, жаны окуу программаларын иштеп чыгуу, жогорку окуу жайларды лицензиялоо маселелери талкууланды.
КМШ мамлекеттеринде билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелердин бири- бул жогорку окуу жайларды аттестациядан өткөрүп, талапка жооп бербегендерди жою экендиги белгиленди. Чогулгандардын айтымында сапатсыз жогорку окуу жайлар билими тайкы кадрларды даярдоодо. Беларус мамлекеттик университетинин ректору, билим берүү тармагында кызматташуу кеңешинин төрагасы Василий Стражев өз сөзүндө дал ушундай саны бар, сапаты жок окуу жайлар ар бир мамлекетте бар экенин, андыктан ЖОЖдорду лицензиялоо жоболорун мыктылап иштеп чыгуу керектигин айтты:
- Ушул тапта биздин мамлекеттерде талапка жооп бербеген ЖОЖдор бар экендиги айкын. Айрым мамлекеттерде керек болсо ар кандай диний агымдар башында турган окуу жайлар ачылып жатат. Мындай көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн атайын программа кабыл алышыбыз керек. Буга ар бил мамлекеттин адилет министрлиги да жардам берүүсү зарыл.
Иш-чарага катышкан вице-премьер министр Элвира Ибраимова сапаттуу билим берүүнү өрчүтүү аталган тармакты гана эмес, жалпы экономиканы көтөрүүгө өбөлгө экенине токтолду:
- Сапаттуу билим берүү бүтүрүүчүлөрдүн өз өлкөсүндө гана эмес чет жактардан дагы иш табуусуна өбөлгө жана экономиканы көтөрүүнүн ачкычтарынны бири. Андыктан биз мындай иш-чараларды толугу менен колдойбуз жана жакшы жыйынтыктарды күтөбүз.
Иш-чаранын соңунда анын катышуучулары билим берүү, илим тармагында кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү, Болон процессине өтүүнүн жол- жоболорун иштеп чыгуу,билим берүү тармагында КМШ мамлекеттери арасында тажрыйба алмашууну жакшыртуу боюнча токтом кабыл алышты.