Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

МИЛИЦИЯ “ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИНИН КОМПЬЮТЕРЛЕРИН АЛЫП КЕТТИ


Эдил Сапарбек уулу, Бишкек 14-июнь күнү түштөн кийин “Де-факто” басылмасынын редакциясында тинтүү журдү. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү, өзүн Талант Байчаев деп тааныштырган милиция подполковниги “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, тинтүү мыйзамдуу түрдө, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун токтомуна ылайык жүргүзүлгөнүн айтты. Ошентсе да гезиттин редактор орун басары Жылдыз Мусабекова мындай аныктамага кошулбай турганын, редакциянын кеңсесин тинтүү башкы редактор Чолпон Орозобекованын шаарда жоктуганан пайдаланып жасалганын айтты.


"Де-факто" гезити компьютерлерисиз калды.


Милиция кызматкери "Де-факто" гезитинин компьютерлерин алып чыгууда.

Сот токтомунда, “Де-факто” гезити жалган бирөөнүн атынан Салыктар жана жыйым боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине жалаа жапкан делип, гезит редакциясын тинтүүгө, тергөөгө керектүү делген материалдарды алууга уруксат берилген. Сот өз аныктамасын гезит такталбаган маалымат таратып, мыйзам бузууга барган деген жүйө менен чыгарган.

Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков соттун чыгарган токтому мыйзамсыз деген пикирин "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында эгерде гезитке кандайдыр бир сын дооматар бар болсо, анда бул үчүн атайын мыйзамда көрсөтүлгөн процедуралар бар, сот сөзсүз гезитти чакыртыш керек. Сотто териштирүү болгондон кийин гана жеке мүлк алынышы керекпи же жокпу деген суроо чечилиши керек.

Учурда “Де-факто” гезити компьютерлерисиз калды. Гезит 12-июндагы санында салык тармагынын чоң-чоң чиновниктери эң жогорку баскычтагы чиновниктерге канчадан акча берип турушарын айткан Замира Молдоева аттуу айымдын кайрылуусун жарыялаган болчу. Ал эми “Де-факто” гезитинин редакторунун орун басары Жылдыз Мусабекова, укук коргоо органдарынын мындай иш аракети атайын, гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова шаарда жок кезде, коомчулуктун көңүлү атактуу жазуучу Ч.Айтматовду жерге берүү жышанасына бурулуп жаткан маалда жасалганын билдирди.
XS
SM
MD
LG