Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

КАРЗАЙ ПАКИСТАНГА АСКЕР КИРГИЗЕМ ДЕП ОПУРУЛДУ


Ооган өкмөтү Пакистанга аскер киргизип, талиптерге каршы операция баштаганга даяр. Бул тууралуу жекшемби күнү Кабулда президент Хамид Карзай билдирди. Өз кезегинде Пакистандын премьер-министри Юсуф Гилани ооган президентине кескин апазда жооп берди.

Пакистандын түндүк-баштын райондорун талиптер менен “алкаидачылар” өздөрүнүн базасына айлантып алышканына көп болду. Жакындагы айрым кабарларда “Талибандын” лидери Омар молдо, ошондой эле Байтулла Махсуд жана Фазулла аттуу жергиликтүү лашкер башчылар күч-аракетин бириктирип, ооган армиясына жана чет элдик аскерлерге чечүүчү сокку урганга камынып жатканы тууралуу айтылган эле.

Буга байланыштуу жекшемби күнү Кабулда өткөргөн маалымат жыйынында президент Хамид Карзай: “Ооганстан өзүн коргогонго акылуу. Алар –талиптер - Пакистандан келип, оогандарды жана коалициянын солдаттарын өлтүрүп жатканы бизге жооп кайтарган чараларды көргөнгө укук берет”, - деп билдирди. Карзай өкмөттүк аскерлерге Пакистанга өткөнгө жана ал жерде талиптерге каршы операция баштоого буйрук бергенге даяр экенин ырастады.

“Байтулла Махсуд билип койсун, биз анын артынан түшүп, өз үйүндө тындым кылабыз. Муну Фазулла да, аларды колдоп жаткан молдо Омар да билип алсын!”,- деп эскертти Карзай. Ооган аскерлери, Карзайдын айтымында, талиптер кайсы жерге жана кайсы өлкөгө барып баш корголобосун аларды бардык жерде жок кылат. “Биз аларды колго түшүрөбүз жана сөзсүз жеңебиз, көп жылдар бою Ооганстанда кылган кыянаттары үчүн алардан өч алабыз!”- деп кесенди Карзай.

Мындан тышкары Карзай Пакистандагы пуштундар көп ыдык көрүп жатканын айтып, “аларды зулумдар менен террорчулардан азат кылууну Ооганстан өзүнүн озуйпасы катары санай турганын” да кошумчалады.

Ооган армиясы өз жериндеги козголоңчуларга жарытып каршы тура албай жатканда коңшулаш Пакистандагы талиптердин ташын талкан кыларына эч ким деле ишенбейт. Коалициянын контингенти жардамдашкан күндө деле Карзайдын планы кыялый иш көрүнөт. Анын үстүнө НАТОнун өкүлдөрү президенттин бул сөздөрүнө кандайдыр бир пикир кошкондон караманча баш тартышты.

Ал эми Исламабад өкмөтүнүн премьери Юсуф Реза Гилани ошол эле күнү Карзайдын сөздөрүнө кескин апазда жооп кайтарды. “Пакистан башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишкенге караманча ниети жок, ошол эле учурда башкалардын анын иштерине кийлигишүүсүнө да чыдай албайт жана жол койбойт”,-деп айтты Гилани.

Карзай көптөн бери эле коңшулаш Пакистанды козголоңчуларга каршы активдүү күрөшпөй жатканы үчүн айыптап келатат. Исламабад өкмөтү өткөн айда “Талибандын” жергиликтүү лидерлери менен мунаса түзүп,атайын келишимге кол койгон эле.Ушул окуядан соң Кабул менен Исламабад ортосундагы мамилелер ого бетер кыйгылдана түштү.

XS
SM
MD
LG