Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

14:42 23-Июнда “Жайкы демократия мектеби” ишин баштайт


Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын жетимиштен ашуун жигердүү жаштары чогула турган “Демократиялык мектептин” алкагында сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышы, маданият, аймактагы саясий, социалдык жана эномикалык абал талкууга алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучуларынын бири болгон жаштар программасынын өкүлү Айнура Жапарова билдирди. Анын айтымында, жайкы мектепке ар бир өлкөдөн бештен адам жана бир топ эл аралык адистердин катышары күтүлүүдө. “Жайкы демократия мектебинин” биринчи семинарлар бөлүгү 23-28июнда Бишкек шаарында өтө баштайт. Алгачкы жолу “Жайкы демократия мектеби” былтыр Ысыккөлдө өткөн. (ES)

XS
SM
MD
LG