Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

“ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИНЕ КАРАТА ТЕРГӨӨ АМАЛДАРЫ БАШТАЛДЫ


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында “Де-факто” гезитине 12-июнда Салык кызматынын жетекчилерине байланыштуу чыккан макала боюнча тергөө амалдары башталды. Шаар прокурору Айбек Турганбаев аталган гезитке мыйзамдын чегинде факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Көз карандысыз журналисттер жана “Ата Мекен” партиясы муну саясий куугунтук катары баалап, бийликтин гезитти жабуу аракети катары эсептешүүдө.

Мамлекеттик салык жана жыйымдар боюнча комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Таалай Далбаевдин арызынын негизинде шаардык прокуратура «Де-факто» гезитине мыйзамдын чегинде иш козголгонун шаардык прокуратуранын башчысы Айбек Турганбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган гезитте жалган маалымат таркатуу, Кылмыш жана Жаза кодексинде көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар деп кылмыш иши козголгон. Бул жерге саясатты аралаштыруунун кажети жок дейт прокурор.

- Мыйзамдын тебелениши жана мыйзамдын одоно түрдө бузулушуна жол берген жана адамдардын укугу тебеленген учурда ага адекваттуу чара көрүлгөн учурда саясий куугунтук деп эч качан бааланбашы керек жана эсептелинбеши керек.

Шаар прокурорунун маалыматына караганда бул маселе боюнча “Массалык маалымат жөнүндөгү” мыйзамдын 23-беренесинде көрсөткөн талаптар гезит жамааты тарабынан одоно бузулуп, Кылмыш жана Жаза кодексинин 329-беренесинин (Атайылап жалган билдирүү жасоо) 2-бөлүгү боюнча айып тагылган. Анда “Ошол эле жоосун, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасады деп айыптоо менен же уюмдашкан топ тарабынан айыптоонун жаслама далилдерин түзүү менен жасалса, беш жылга чейинки мөөнөткө эркинендигинен ажыратууга жазаланат”,-деп көрсөтүлгөн.

“Эркиндик үнү” басылмасынын редактору Улугбек Бабакулов “Де-факто” гезитине жарыяланган макала үчүн укук коргоо органдары жапа тырмак гезиттин кеңсээсин тинтүүгө алып, кызматкерлерин суракка алышы-эркин басма сөз каражатын кысуу, деп эсептейт. Анын айтымында, шаар прокурору алдын ала эле гезитке басылган арыздын ээси Замира Молдоева деген адам жасалма ойдон чыгарылган ысым экенин айтып, гезиттин дарегине күнөөнү оодарып жатышы туура эмес. Улугбек Бабакулов 14-июнда милиция кызматкерлери гезиттин кеңсээсин тинтүүгө алганда ошол жерде болуптур.

- Судьянын постановлениесин (токтомун) көргөм.Тергөөчү ходатайства бергенде бир гана бухгалтердик кагаздарды алууну эле сураган. Ошол бухгалтердик документтерди алууга эле соттун токтому чыккан. Бирок тартип коргоо кызматкерлери компьютердин системалык блокторун, CD диск, электрондук маалымат топтолуучу блокторун алып чыгып кетишкен. Андан кийин кеңсээни печаттап, жаап салышкан. Бул жөнүндө судьянын токтомунда жок болуучу.Демек алар өздөрүнүн чегинен ашып кетишип, гезитти кандай гана жолдор болбосун жабууга аракет кылышкан.

Улугбек Бабакулов белгилегендей укук коргоо органдары Конституцияга карама-каршы иш аракеттерди көрүшүүдө.

Эркин журналист, мурдагы бийлик тушунда соттук териштирүүлөрдү башынан өткөргөн Рысбек Өмүрзаков болсо өзгөчө оппозициялык маанайдагы гезитчилер басылып жаткан макалаларды тыкат текшерип, ушак же божомолдор менен эмес документтер, фактылар аркылуу эл аралык нормаларга ылайык тең салмактап чыгарса соттук териштирүүдөн алыс болушмак деген көз карашта. Анын айтымында, журналисттер массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын алкагынан аша чаап кетпөөсү зарыл.

- Сөз эркиндиги – деген. Бул мыйзамдуулукту дагы сакташ керек. Сөз эркиндиги –деген бул маалымат каражаттарындагы анархия эмес да.

“Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова укук коргоо органдарынын аларга карата козгогон кылмыш ишин саясий куугунтуктоо катары баалап, бийлик кандай жол менен болсо дагы оппозициялык маанайдагы гезитти жабууга аракет кылып жатат, дейт. Бүгүн ал бул маселе боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында суракка чакырылды. Анын жактоочусу Нина Зотованын айтымында, тергөөчү тарабынан Орозбековага эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Негизинен “укук коргоо органдарынын гезитке карата жасаган иш аракети өтө эле аша чапкандык, башка кылмыштардын бетин ачууда тартип коргоо кызматы ушундай ыкчам иштесе эчак эле демократия орномок”,- дейт Зотова.

“Де-факто” гезитине байланыштуу укук коргоо органдарынын иш аракеттерин мыйзамсыз деп эсептеп “Ата Мекен” социалисттик партиясы билдирүү таратты. Анда, бийлик “Де-фактону” жазалап, ал аркылуу көз карандысыз басылмаларды коркутууга аракет кылып жатканы айтылат. Ошондой эле билдирүүдө кийинки мезгилдерде өлкөдө жарандардын укугу жана эркиндиги, демократиялык алган багыттын жоголуп кетүү коркунучу түзүлгөндүгүн баса белгилеген.
XS
SM
MD
LG