Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

ТАШКЕН «ОЗОДЛИКТИН» ЖУРНАЛИСТТЕРИН КОРКУТУП ҮРКҮТҮҮГӨ ӨТТҮ


Кубат Чекиров, Прага Адам укуктарын жана басма сөз эркиндигин коргоочулар, көз каранды эмес саясатчылар Өзбекстандын өкмөттүк сыналгысында Эркин Европа-Азаттык үналгысынын өзбек кызматы тууралуу өткөн аптада обого чыгарылган берүүнү кескин сынга алышууда. Берүүдө өзбек кызматынын кабарчыларына каршы коркутуп-үркүтүү, кыйыр сес көрсөтүү камтылган. Серепчилер бул берүүнү эркин басма сөзгө каршы кезектеги «террор» катары баалашууда.

Өзбек сыналгысы көрсөткөн бул бир сааттык берүүдө Эркин Европа-Азаттык үналгысынын Озодлик радиосунун, башкача айтканда өзбек кызматынын жамааты кескин сынга алынган. Өзбек кызматында иштеген кесиптештерибиз бул берүүдө мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы иш-аракет жүргүзүп жатат деп айыпталган. Андан тышкары берүүдө бир катар өзбек журналисттердин жана алардын жакындарынын чоо жайы, үй адреси, паспорт даректери сыяктуу маалыматтар кеңири айтылган.

2005-жылы 13-майдагы Анжиян кыргынынан соң Озодлик радиосунун Ташкендеги бюросу жабылып, анда иштеген бир катар кабарчылар ушул тапта Прага шаарында иштөөдө.

Эларалык Кризис тобунун басма сөз жаатындагы бөлүм директору Эндрю Стролайн бул берүү тууралуу тынчсыздануусун жашырган жок.

-Бул абдан кооптондурган окуя. Бул сыналгы каналдары коопсуздук кызматтары менен тыгыз байланышта экендиги маалым. Былтыр Алишер Саипов аттуу башка бир журналистти дагы алар кабдан катуу сындашкан. Ошондон кийин аны өлтүрүп кетишпедиби,- дейт укук коргоочу.

Алишер Саипов былтыр октябрь айында Ош шаарында өлтүрүлгөн. 26-жашында өмүрү кыйылган бул журналист эркин гезиттин редактору болчу жана Озодлик радиосуна, андан соң «Америка Добушунун» өзбек кызматына маал-маалы менен кабар берип турган. Саиповдун гезитинде Ислам Каримовдун авторитардык режими кескин сынга алынып келген.

Озодлик радиосу тууралуу жаманатты кылган берүү Өзбекстандын аймактык үч сыналгы каналында 9-10-июнда көрсөтүлдү. Ташкенде жашаган эркин журналист Абдурахман Ташанов бул берүүнү жалпы эле эркиндикти сүйгөн өзбектерге каршы багытталган деп сыпаттайт:

-Бул берүү – демократтарга жана журналисттерге каршы жасалган террор, алардын өкмөттүн көз карашын колдобогондугу, ага каршы тургандыгы үчүн жасалып аткан саясий террор. Мамлекет мындай саясатын эгемендик жылдарынын башынан тарта эле жүргүзүп келатат. Эми бул саясатты ого бетер күчөтүүдө. Эми ал маалымат согушуна айланды. Бул саясатты режим өзүн сактап калуу учун жүргүзүүдө. Себеби Азаттыктан, БиБиСиден жана башка чет элдик маалымат карааттарынан чыккан демократиячыл үндөр өзбек өкмөтү үчүн түйшүк жаратууда,- дейт Ташанов.

Өзбек өкмөттүк сыналгы каналдарынын бул берүүсүн Эркин Европа-Азаттык үналгысынын президенти Жефри Гедмин «биздин журналистттерибизди коркунучка кириптер кылууга түздөн-түз жана атайылап жасалган аракет»,-деп сынга алды.

Өткөн аптада өзбек бийлиги Азаттыктын мурдагы кабарчысы укук коргоочу Салижан Абдурахмановду камакка алды. Ага өкмөткө каршы иш аракет жүргүздү деген айып тагылууда. Өткөн аптада өзбек полициясы Азаттыктын дагы бир мурдагы кабарчысы Насыр Закировду камакка алган. Закиров 2005-жылы Анжиян кыргынын алгачкылардан болуп чагылдырган журналистердин бири болуп саналат.

Сүрөттө: Анжиян окуяларынан бир көрүнүш
XS
SM
MD
LG